Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Сагынбаев Дамир Казакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.