Милицияга баюу үчүн келишет деген туура эмес

Президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупцияны сынга алып, бул илдет менен күрөшө турганын айткан. Андан көп өтпөй ички иштер министри Улан Исраиловду чакырып, милицияны ичинен тазалоону тапшырган болчу. Акыйкаттык үчүн айта кетели, погончон кылмышкерлер менен күрөш дайыма жүрүп келет. Маселен ИИМдин Ички иликтөө кызматы ИИОнун кызматкерлери жасалган кылмыштардан 2017-жылы 7 опузалоо менен пара алуу, 17 кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, 4 бейбаштык, үчтөн алдамчылык жана зордуктоо, кызматтык жасалмачылык, шалаакылык, жол-унаа кырсыгы боюнча экиден жана башка кылмыштар боюнча бирден кылмыш ишин козгогон.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын талдоо-уюштуруу башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Асель Арунова менен ушул боюнча маек уюштурдук.

-«Менин милициям мени коргойбу, же кордойбу?» деген күмөн саноонун пайда болушуна себептер барбы?

— Негизинен эле коомчулукта милицияга карата терс көз караш туура эмес калыптанып калган. Буга көптөгөн факторлор түрткү бе-рет. Эң башкысы милиция кызматкери тартип сакчысы катары эмес, күч колдоно тур-ган адамдай кабылданып калат көбүнчө. Ал тургай кичине ыйлап жаткан же тентектик кылып жаткан баланы да “милиция камап коет” деп коркуткан учурлар да кездешет. Албетте, буга айрым милиция кызматкерлеринин мыйзам же тартип бузган учурлары түрткү берет. Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, милиция кызматкери тарабынан ар бир жасалган кылмыш ИИМдин бардык тутумунун аброюна шек келтирип, милициянын ишине терс мамиле жаратат. Ошондуктан, Ички иликтөө кызматы тарабынан мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузгандарга карата объективдүү чаралар көрүлүп, кызматкерлер арасында мыйзам дуу лукту жана кызматтык тартипти бузгандарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча алдын алуу, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет.

Андан тышкары, учурда технологиянын өнүгүшү менен интернет, социалдык тармактар жана башка жолдор менен коомчулук тарабынан милициянын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүүдө. Милиция кызматкерлери мыйзам, тартип бузуп, этикага жатпаган иш-аракеттерин элден жашыруу мүмкүн эместигин белгилеп кетүү керек. Милицияга болгон ишеним жыл сайын оң нукка өзгөрүлүп жатканын белгилеп коюшубуз зарыл. Жогоруда айтылган “бир карын майды чириткен кумалактарды” эске албасак, милициянын катарында ак ниет, адал эмгек кылгандар толтура. Ошондуктан “Менин милициям мени коргойт” деп ишеничтүү түрдө айтсак болот.

—  Коррупция  жаатында  милициянын кайсы кызматтарына өзгөчө көңүл бөлөсүздөр?

— Кызматтын эң негизги багыттарынын бири болуп, паракорчулукту аныктоо жана анын бетин ачуу. Төмөнкү учурларда паракорчулук көп кездешет:

—  Кылмыш  жана  административдик жоопкерчиликке тартуу учурунда опузалап акча талап кылуу. Бул учурларда ИИОнун кызматкерлери жарандардан пара алган соң, негизсиз эле, кылмыш иштерин жана административдик укук бузуу иштерин козгоодон баш тартуу же токтотуу боюнча токтомдорун кабыл алуу менен далил заттарды, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана башкаларды жок кылуу;

— Жабырлануучудан уурдалган автоунааларды, мүлктөрдү издөөлөрү же маалыматты

чогултуу үчүн өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда пара алуу;

— Кызматка кабыл алуу, окууга кирүүгө багыттама  алуу,  жалпы  билим  берүү  мекемелерине  орноштуруу,  кезектеги  жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам алуу, кызматынан көтөрүлүү, турак-жай бөлүп берүү жана башка кызматтары үчүн кол алдындагы кызматкерлерден пара алуу сыяктуу фактылар мурда бар болсо, учурда бул толугу менен тизгиндөөгө алынууда.

— Маянанын аз болушу пара алууга түртөт деп айтылат, а бирок маянасы аз болгону менен жөнөкөй милиция кызматкери салыштырмалуу  чоң  көлөмдө  пара  алууга мүмкүндүгү жок болсо керек?

— Эч кимди милиция кызматына күч менен иштөөгө алып келген эмес жана бул кызматка материалдык жактан баюу үчүн келишет деген туура эмес. Ошондой эле, милиция кызматкерлеринин айлык акысынын төмөндүгү мыйзамсыз иш-аракеттерге, башкача айтканда, опузалап пара талап кылууга жол берет деген шылтоо болбош керек. Милиция кызматкерлери элге таза жана акый-кат кызмат кылышым менин негизги парзым болушу керек, эгер мен мыйзамдуулукту бузууга барсам анда “жазага тартылып калышым мүмкүн” деген принцип жүрөгүндө дайыма согуп турушу кажет. Анткени, мыйзамдын иштешин камсыз кылуу үчүн жана тартипти сактоону ар бир милиция кызматкери өзүнөн башташы керек.

— Коопсуздук кеңеште Президент күч структураларында  коррупция  күчөп кетти дегенден көп өтпөй ИИМдин эки офицери наркотикалык зат менен кармалышы дал келүүбү, же чындап эле иштин жылыш боло баштаганынан белги береби?

— Мамлекет башчы биздин алдыбызга паракорчулук менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча тапшырманы койду. Учурда бул багытта тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат. Маселен, кирип келген жылдын биринчи эки айында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада опузалап талап кылуу жана пара алуу боюнча 2 факт катталып, анын ичинен бирөөсү жетекчилик кызматта отурган кызматкер болсо, баңгизаттарды сатуу боюнча 2 факт, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан каржы тартибин бузуп, мамлекетке 3 миллион 157 миң 200 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилип, 1 каракчылык фактысы катталган.