Жемкорлордун жели чыга баштадыбы?

Мындан 7-8 жыл мурун коррупциялык иштер боюнча жогорку кызмат адамдарынын камакка алынышы, чиновниктерге карата кылмыш иштеринин ачылышы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан өтө сейрек окуялардан болчу. Азыр бул кадыр эсе эле көрүнүшкө айланып калды. Акыркы апта ичиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча камакка алынгандарды атап өтөлү.

Март айынын башында «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев Бишкек жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы акчаны кымырып алгандыгы  боюнча УКМК тарабынан кыл-мыш иши козголуп, 2 айга камакка алынган.

Арадан көп өтпөй 7-март күнү Абдил Сегизбаев жетектеген УКМК «Электр станциялары»  ачык  акционердик коомунун техникалык директору Алмаз Жусупбековду камакка алган. Ошол эле 7-март күнү  кызмат  абалынан  кыянаттык  менен пайдалануу фактысы боюнча Транспорт  жана  жол  министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев

камакка  алынды.  Ал Ак-Талаа  районунун Ак-Талчат  айылындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө “Кербен жол курулуш” ишканасынын 45 миллион 800 миң сом которуп жиберген деп айыпталууда. УКМК нын басма сөз кызматы бул боюнча «2017-жылдын июль айында түзүлгөн келишимге ылайык, оңдоо иштерин ошол жылдын сентябрь айына чейин

бүтүрүү үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасына эсебине банктын кепилдиги жок, мыйзамсыз түрдө 35 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү каражат алдын ала которулуп берилген. Бул сумма Ибраевдин көрсөтмөсү менен которулган. Каражаттар которулганы менен ушул күнгө чейин ал акчага курула турган көпүрө ишке бериле элек» – деген билдирүү тараткан.

Ошондой эле өзүнүн фирмасына өзү лицензия берди деген кине коюлуп жаткан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов Премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу, Президент Сооронбай Жээнбековдун 3-марттагы буйругу менен кызматтан алынды.

Башкы прокуратура дагы мамлекеттин акчасын сол чөнтөккө сологон жолчуларга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. 2017-жылы Бишкек-Ош жолунун 6 чакырымын оңдоодо «Бишкек-Ош унаа жолу» дирекциясына караштуу № 9-жол-эксплуатациялоо тилкесинин жооптуу адамдары 1 миллион 219 миң сомдук асфальтты «жеп коюшкан». Башкача айтканда, 449 тонна асфальт нормадагыдан аз төшөлгөн. Бир метр асфальттан 200 миң сомдон ашык элдин акчасын уурдашкан. Жолчуларыбыздын мындай жоругу эчактан бери эле белгилүү. Эки жазга жетпеген Бишкектин жолдору боюнча ондогон чиновниктерге кылмыш ишин козгосо болот. Мындай жорук жолчуларыбызда эле эмес, коомдун күзгүсү саналган маданият ишмерлеринде деле бар экен. Эсеп палатасынын тараткан маалыматына караганда «Шабдан баатыр» тарыхий тасмасын тартууда 11,5 миллион сомдун дайыны чыкпай жатат.

Борбордогу чоң курсак чиновниктер эле эмес, алыскы айыл – кыштактардагы майда чоңдордун дагы алкымы бузулганына көп болду. Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы мектепке  жергиликтүү  бийлик  узуну  10 метр, туурасы 5 метр болгон даараткананы  714  миң  сомго  салган.  Кыргызстандын канын митедей соргон мындай иштер өлкөбүздө миңдеп саналат. Анан өлкөбүздөгү коррупциянын деңгээлин элестете бериңиз. Жеңин түрө киришкен Президент  Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечкиндүү аракеттери коррупцияга каршы күрөштүн экинчи толкунун бир далайга чейин толкутуп, өлкөбүздү жемкорлордон биротоло тазалайт деген ишенич чоң.