Жыгылган күрөшкө тойбойт, же чак түштө кооператорлордун миллиондогон мүлкүн тартып алган К.Назарматовага ачык жооп

2018-жылдын 16-февралындагы №12 санында ”Кыргыз Туусу” гезитинин 12-бетинде чагылдырылган “10 жылга созулган соттук марафон: ”Мыйзам бирөө, а чечим соттор канча болсо, ошончобу?” деген К.М.Назарматованын жалган жалаа макаласы боюнча ”Кыргыз кооперативдер союзунун” жамаатынын жекече пикири.

Урматтуу окурман, Чубактын кунундай чубалжыган бул окуяга 15 жыл болду. Азыркы “Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын ректору Назарматова Касира Мукашевнанын жоругу жолдо калсын. Бу “наглыйлыктын” да чеги болот да. Касира Мукашевна, КР Керек-жарак коому союздарынын” кыймылсыз мулкүн рейдерлик жол менен басып алганына уялбастан, ошо мародерлугун “мыйзамдаштырууга” болгон аракетине өтө нааразыбыз .

К.Назарматова кылмыштуу жол менен жасалган каттоосун бекемдөө үчүн, “1926- жылы түзүлгөн “Кыргызпотреб-союз” мураскорсуз жоюлган” деген шылтоосун бекемдөө үчүн сотко кайрылат, бирок Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун (10.06.2018-ж.) чыгарылган соттук аныктамасы К.Назарматованын бул арызын канаттандыруусуз калтырган.

Ал эми мураскорлук маселеси боюнча эң туура делген Назарматова айтып жаткан Доспаева, Сатыбал-диева жана Асанова тарабынан чыгарылган чечим, КР Жогорку Соту тарабынан (08.10.2012-ж.) мыйзамсыз тараптардын укугун бузуу менен чыгарылган чечим катары жокко чыгарылып, иш өзгөчө өндүрүш тартибинде каралыш үчүн, Биринчи Май райондук со-туна жиберилген. Аталган райондун соту А. Сатарова, жарандык процессуалдык мыйзамдын талабына ылайык, тараптардын жана күбөлөрдүн көрсөткөн көрсөтмөлөрүнүн  негизинде,  тараптар  берген далилдүү   фактылардын негизинде мыйзамга таянып, адилеттүү чечим кабыл алганын белгилеп кетүү зарыл.

Назарматованын “Кыргызпотребсоюз” мураскорсуз жоюлуп, азыркы “Кыргызкоопсоюз”  эч  нерсеге тиешеси жок жаңы уюшул-ган уюм деген аргументи суу кечпей калды. Эгер билгиси келсе бул бараандуу уюм союз кезинде  “мамлекеттин  ичиндеги   мамлекет” кубаттуу уюм эле. 1926 жылдан баштап ушул күнгө чейин бул системада кандай өзгөрүүлөр болгонун көргүсү келбейт. Касира айым, “почерковедческий” экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык тараптар, уюмдардын мураскорлугу боюнча юридикалык факт такталбай турганын эске салып коёлу.

Соттук процесттер эмне үчүн узакка созулду? Анткени ортого тааныш-билиш, далай таасирдүү атка минерлердин телефон чалуусуна, кысым көрсөтүүсүнө карабастан, Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Сатарова, Бишкек шаардык сотунун судьялары А.Алибаев, Крицкаянын соттук процессте принципиалдуу, калыс позициясынан тайбаганына күбө болдук. Ошондой эле көзөмөл арызды карашкан: Ажибраимова, Мельникова, Исакова, Давлетов, Осмоналиев, Мухамеджанов деген судьялардын бул ишти мыйзам чегинде калыс карап, Биринчи Май районунун чечимин күчүндө калтырышты. Соттук чечимдердин мыйзамдуулугун эч ким талаша албайт, анткени кайсы гана соттук иш болбосун, бир тарап сөзсүз жеңилет, жеңилүү ызасын тарткан Назарматова, сотторду отурган жеринде жамандап, нааразы болгондун ордуна, судьянын жеке керт башына асылып, жалаа жаап, каралагыча, Жогорку соттук инстанцияларга кайрылса болмок.

Биринчиден, ”Кыргыз Республикасынын Кооперативдер Ассоциациясы (мындан ары “Кыргыз керек-жарак союздар коомунун мулктүк ээси” деп таанылсын) 1997 жылдын 7-мартында №6-токтомдун негизинде мурдагы Кооперативдик техникумдун базасында – “Кыргыз Кооперация Академиясы (ККА) уюштурулуп, 1998-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы, №6 Белорусская көчөсүндө бул ЖОЖдун жайгашканын далилдеген Юстиция министрлиги тарабынан (№004681) мамлекеттик каттоо күбөлүгү берилген.

Экинчиден, Кыргыз Кооперациясынын Академиясынын тун ректорулугун С.Жекишева аркалаган. ”Таанышың бар танкасың, таанышы жок маңкасын” деген замандын арааны, 90-жылдардын этегинде, обору аябай ачылып турган. Жылкы теппей, жылан чакпай, абалкы ректор жумуштан алынат да, “Кыргызпотребсоюз” (азыркы”Кыргызкоопсоюз”) башкармалыгынын (27.06.2000-ж. №57 токтомуна) ылайык ошо кездеги Керек-жарак коомунун жетекчилигинин колдоосунан алынып, “Кыргыз Республикасынын бухгалтер жана аудиторлор Ассоциациясынын ” жетекчиси К.Назарматованы ректорлукка дайындайт. Бир бечера бир кызматка жеталбай кыйналып жүрсө, бул эпчил айым, эки чүйгүн кызматтын чылбырын заматта колуна алат. Ректор болору менен чагылгандай тездик менен “Керек-жарак коо муна” караштуу Кыргыз Кооперациялык Академиянын, Белорусская көчөсүндө №6 дарегиндеги окуу корпустарын, жатаканасын кыймылсыз мүлкүн, жеке менчикке чыгарууга баш оту менен киришет.

Үчүнчүдөн, арадан эки ай өтпөй атып, (24.08.2000-ж.) Назарматованын сунушу менен баягы бакыйган Кыргыз Кооперативдик Академиясы жоюлуп, анын ордуна ”Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы ”болуп өзгөрүлөт, (кыскача аббревиатурасы “МАУПФиБ”). Башында кыргыз, орус, казактардын биргелешкен ишканасы МАУПФиБ деп аталып, Назарматова аркылуу бул ишкана – 1996-жылы 9-августунда КР Улуттук статистика комитетинде катталган. Ал эми юридикалык дареги – Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси – 265“а”, же Улуттук Илимдер Академиясындагы имаратка каттаткан, анткени ошол убакта Касира айым, УИАнын 1-2 бөлмөсүн ижарага алып иштетип турган. МАУПФиБдин жетекчилиги, ошо кездеги, юстиция министринин жардамы менен учредителдик келишими жок эле, мыйзамсыз каттоодон өткөн.

Төртүнчүдөн, Кыргыз керек-жарак коомунун башкармалыгы (24.08.2000-ж.) №73 токтомунун негизинде Кыргыз Кооперациясынын Академиясын МАУПФиБ деп өзгөртүп, кайра каттоого бир айлык мөөнөт берилген. Бирок дал ушул кайра каттоого алынган №73 токтом мыйзамсыз болгон, анткени “Кыргыз керек-жарак коому” учредитель катары өз алдынча, эл аралык Академияны түзүүгө, юридикалык жактан укугу жок эле. Ушундан улам ”Кыргызпотребсоюздун” Башкармалыгынын жалпы жыйынында, жогорудагы чуулгандуу №73 токтом бир добуштан жокко чыгарылган.

Мындай чечимди угар замат Касира айым, Академиянын жылып-жылбаган бардык мүлкүн , мародерлук же рейдерлик жол менен баарын баса калып, жеке менчигине чыгарып алыш үчүн Кыргыз Кооперациясынын Академиясында иштеген окумуштууларды, жеке өзүнүн ректор катары арызын чүргөй коёт да, атайын Билим берүү, илим, маданият министрлигин чакыртып, Кооперация Академиясы адистерди даярдоого ыкыбалы, дарамети келбейт дедиртип, атайын эле аттестациядан өтпөй калды деген чечим чыгартып алууга жетишкен. Анткени ректордун максаты, “абалкы ККАны жокко чыгарып, МАУПФиБ деген аты жаңыртылган окуу жайын ачсам эле, кооператорлордун мүлкүнө ээ болом” деген чолок ойго жетеленген.

Ой тообо, кудайдан коркпогон ушундай эпчил айымга таңгаласың бир күн кооперация системасында иштебей туруп, жасалма документтерди тууралап алып, 15 жыл бою соттошкондон тажабаган ректорду биринчи жолу көрдүк. Окуу жайды пайщиктердин эсебинен кооператорлор курса, анан убайын окуу жайды “жеке менчикке” кыянаттык жол менен чыгарып алган, Назарматова көрүш керекпи? Ар ким эле бирөөнүн мүлкүн ушинтип тартып алса, анда мамлекетте анархия болуп кетпейби…

Адам баласынан айла амал кутулбайт экен. Баягы абалкы Кооперация Академиясы кадрларды даярдаганга чама-чаркы жетпейт деп аттестациядан кулатып койгон Билим берүү жана илим министрлиги арадан 9 ай өтпөй, аттестациядан кулап калган академияны дароо аттестациядан өткөрө салат. Туугандар көрсө, вуздун вывескасын МАУПФиБ деп өзгөртүш үчүн эле “аттестация спектакли” ойнотулган экен.

Касира Мукашевнага жагабы, жакпайбы, ректор катары кылмыштуу жолго түшкөнүн эске салгыбыз келет. Юридикалык эки тараптын мөөрүн (печатын) бирдей пайдалануусу кылмышка тете. Мамлекеттик каттоодон өткөн Кыргыз Кооперация Академиясынын мөөрүн мамлекеттик органдарга, отчет, балланс тапшырууда колдонсо, ал эми МАУПФиБ-нын мөөрүн бүтүрүүчүлөргө дипломду берүүгө пайдаланат. Бүтүрүүчүлөрдун алгачкы тобу, Адилет министрлигинен катталбаган ЖОЖдун дипломуна ээ болгондорун билсе, төбө чачы тик турат го?! Жараксыз дипломдорго ким жооп берет, эртеби-кечпи сурала турган күн келет.

(02.06.2003-ж.) Кыргыз керек-жарак коомунун макулдугусуз эле, МАУПФиБны кайра каттоодон өткөрүп алуу менен көз көрүнө кооператорлордун кыймылсыз мүлкүн тартып алууга үлгүрөт. Мыйзам –бул аялга буйлаланган төөдөй эле болду. Өзү каалаган окуу жайды мыйзамсыз каттоо-дон өткөрө коюп, эми өзүнө жакпаган учредителдерди мүчөлүктөн биротоло тазалоого  өттү.  Тизменин сап  башына  учредитель-мүчө катары Назарматова өзүн каттады, анан бакый-тып күйөөсү – Эрмекбаев Амангелдини  учкаштыр-ды. Баарынан кызыгы тагдыр чечер тизмеге, аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынан бир адамга ыраа көрбөгөнү кы-зыктай болуп турат. Сыягы жамаатына деле ишенбеген жан безери окшойт. Баягы эле өзү жетектеген 18 жыл мурун бирге иштеген “Аудитор менен бухгалтерлердин Ассоциациясын” илештирип алат.

2005-жылдан тартып, “Кыргызкоопсоюз” Назарматованын мыйзамсыз аракеттерин эске алып, тиешелүү документтерди укук коргоо, көзөмөлдөөчү органдарга кайрылдык, бирок мындан майнап чыкпады, ”эшигин жапса, тешигинен” кирип көнүп калган, ректор айым ылаажысын таап, экс-ажо Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин тилин таап, ал аркылуу Ширшовго жол таап, Касира айымдын кызы Максим Курманбековичтин орун басары болгон жайы да бар. Агезде Максимдин империясына кол салыш-өлүм менен барабар эле, сот, прокурор да анын колунда эле.

Ошентип, көптөн куткөн 2010-жылдын 7-апрели да келди. Адилеттик, калыс заман орнойбу десек, туш тарапка атка жеңил, тайга чак, амалкөй Касира эжекебиз, президенттик аппараттын ошо кездеги экс-башчысына, чап жабышып, ал аз келгенсип, Жогорку Кеңештеги бараандуу адамдын колдосуна, Жогорку Соттогу тууганынын, “протежеси” аркылуу самаган мудөөсүнө жетти.

Кыргыз адатта, “Аял улгаят, каны коюлат” дечү эле. Жашы өйдөлөгөн сайын, сабыр-шапкааттуу болуунун ордуна, 15 жылдан бери “Кыргызкоопсоюздун” төрагасы Ж.Абакировду ММКларда эрмектеп, ушак-айыңды учуртуп, жалаа жаппаса, Касира айымдын шаакыйы кармай турган болду. Бир туруп “Багытка”, эртеси айнып, “Кыргыз Туусуна”, эми тили буруулар да укпай калбасын деп “Дело №” гезитине ат тезегин кургатпай, жалаяктай жаманатты кылган жалааларын “жаадыра” баштады. Кайран студенттердин сапырылган акчасы…

Касира Мукашевна, бул күндөр да өтөт, пайгамбар жа-шына келип калганда, кооператорлордун мүлкүн талашып, калың журтка күлкү болбоңуз, төшү түктүү жер, төбөсү бийик көк уруп кетпесин…Кыргыз Кооперация Академиясынын кыймылсыз мулкүн эсеп-чотко алганда, бери жагы эле 10 млн. америкалык долларды чапчыйт, ошону “аш” кылып кетем десеңиз, жаңыласыз. Райондук, шаардык, Жогорку сотто, “Потребсоюздун” кыймылдуу-кыймылсыз мүлкүнө толук мураскер деп “КЫРГЫЗКООПСОЮЗ” башкармалыгын мыйзамдуу түрдө тааныды. Калыстыкты карманган соттор деле бар экен, эч болбогучакты кеч болсо да, акыйкат чечим кабыл алынды.

Урматтуу туугандар, адамдын адам болушу азап экен. ”Мен, жаңы уюшулган Кыргызпотребсоюздун” жетекчисимин” деп, элди алдап элетти кыдырып жүргөн, мурун алдамчылык (мошенничество) менен эки жолу сот жообуна тартылган Дадажан Мамажанов деген адамдын тузагына илине көрбөгүлө, ал адам бүгүнкү күндө Талас өрөөнүн түрө кыдырып: ”Мен Центросоюздун жетекчилиги менен сүйлөшүп койдум, акча деген агылып келет” деп, элеттиктердин кулагына “кесме” иле баштаптыр. КМШ тутумундагы кооперативдик уюмдардын мүчөлүгүнө алынган “Кыргызкоопсоюз” башкармалыгы, 8-жыл мурун расмий түрдө каржы маселеси боюнча Центросоюзга кайрылганда, диломатиялык түрдө, шарты жоктугун билдиришкен. Мыйзамдуу уюм Кыргызкоопсоюзга бербеген каржыны “самозванец” Мамажановго бермек беле? Бул адамдар да К.Назарматованын колдоосунда, башкы ролду ойногон фигура. Тигил жагынан болбосо, бул жагынан алабыз деген, максат менен чабуул коюуда.

“Кыргызкоопсоюздун” жамааты