Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (6-макала)

Адабият тарыхы үчүн айта кетчү нерсе, Токтогулдун томдуктарын түзүүчүлөр жана редакторлор китепти түзүп жатканда, акындын ырларына жана ырларга берилген түшүндүрмөлөрдү кунт коюп окуп коюшса болмок экен. Акындын 1956-жылы китебинде кеткен техникалык каталар кийинки китепте-ринде дал ошондой жүрөт. Бул кайды-герлик гана эмес, акынды сыйлабастык, акындын артында калган мураска ка-рата кыянат мамиле. Башка эч нерсе.

Акындын устаттары кимдер болгон?

Токтогулдун ырларын чогултуу жана жыйноо, изилдөө иштеринде  чаташтыктар,  алпыстыктар, кемчиликтер, мүчүлүштүктөр, каталыктар, карама-каршылыктар четтен табылат. Бүтүндөй илимпоздук тагдырын Токтогулга арнаган Жаки Таштемиров акындын устаттары тууралуу: «Токтогул жаш кезинде комузду Ниязалыдан үйрөнсө, … Токтогулдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн окумуштуулардын кайсы бири Сартбай акындан таалим алган деп көрсөтөт. Ал эми көргөн-уккан замандаштары-нын айтууна караганда, Токтогул таластык белгилүү акын Чоңдуну пир туткан экен. Пир туту деген сөз – ошол акындан үлгү алуу, анын жолун жолдоо деген сөз, мындайча айтканда устат деген сөз» (Жаки Таштемиров, «Токтогул жана кыргыз адабияты».) десе, шакирттери жөнүндө: «Токтогулдун окуучулары эң көп. Илгери бир гана Кетмен-Төбө өрөөнүндө отузга жакын ырчылар жашаган экен жана алардын баары тең Токтогулду окутуучубуз деп эсептешчү экен. …Барпы, Калык, Алымкул сыяктуу эл акындары өздөрүн улуу акындын окуучуларыбыз, Токтогулду устатыбыз деп эсептешет. Чындыгында ушундай» (ошол китепте эле – авт.) деген маалыматтарды берген. Адабиятчы А.Муратов болсо, “сарыбагыш, солтодон Калмырза, Найманбай, Таластан Сартпай, Чоңду, Жеңижок, Эсенаман, Конокбай, анжиандан ырчылар Курман, Нурмолдону” (А.Муратов. Такталбаган Токтогул, адабий-тарыхый изилдөө.) Токтогулдун устаттары болгон деген пикирде. Ал Токтогулдун шакирттеринин ысымдарын атабаса да, 60ка жеткирип жүрөт. “Кыргыз адабиятынын тарыхында” болсо Чоңду, Эсенаман, Сартбай Токтогулдун устаттары делет. Ии, Токтогулдун устаттары залкар акындар болгон тура, анын акындыгы тегин эмес тура, деп мисал келтирген маалымат  булактарына ишенейин десең, кашайып Тоголок Молдо (Байымбет  Абдыракманов) “Жолдош  Токтогул  менен бирге жүргөндүктөн” акын тууралуу мындайча эскерген: “1898-жылы маркум акун Токтогулдун кабарын уктум. Кетмен-Төбөгө барып келген өз бир тууганым Молдобай Чекирекей уулу: “Адам баласында Токтогулдай ырчы болбойт, өзү жаш жигит өзүң курдуу. Өзүң көргөн, кабарын уккан эски атактуу ырчылар – чоюлган Чоңду, Эсенаман, Көчүүбай булар бала Токтогул менен ырдамак турсун, изин кечпей калды. Токтогул санаттан, салттан, тарыхтан ырдаганда, адам айран калып, оозун ачып магдырап калат…”, – деди” (Б.Абдыракманов (Тоголок Молдо). Нускасын алдым. Токтогулдун замандаштарынын эскермелери. «Кыргызстан» мамбасмасы. Ф., 1959-ж.,). Төрт башка маалымат булагында: Токтогулдун устаттары тууралуу төрт башка маалымат берилген. Токтогул менен замандаш, анын “таалимин алдым” деген Тоголок Молдо берген маалыматта Чоңду, Эсенамандар Токтогулдун жанында шоона эшпей калды дебатат. Айтор, бул маалымат булактарынын кайсынысына ишенериңди билбейсиң!?? Мейли, То-голок Молдо жаңылышып калган го, берки маалымат булактарына ишенейин десең, Токтогулга “устат болушкан” деген үч акын: Чоңду, Эсенаман, Сартбай баары Таластан. А Кетмен-Төбө менен Таластын ортосу итабар жер. Алар качандыр бир адабият тарыхына Токтогул аркылуу кирип калуу үчүн эле, Кетмен-Төбөгө жетип барышып, тоо булбулуна устаттык кыла калышпаса, алардын Токтогулга устат болгон деген факт ишенич жаратпайт. Анүстүнө, Тоголок Молдо айтмакчы, акындыгы Токтогулдун жанында шоона эшпесе, алар эмнени үйрөтөт?

Ырас, Токтогулдун Жеңижок, Курман, Нурмолдо менен жолукканы, бири-бири менен айтышкандыктары тууралуу жетиштүү маалыматтар бар, ал эми акындын Эсенаман, Чоңду, Сартпай ырчылар менен качан жолугуп, качан устат-шакирт катары чогуу жүргөнүн далилдеген так тарыхый маалыматтар дээрлик жокко эсе. Демек, бул дагы да тактоону талап кыла турган маселе. Бул биринчиден, экинчиден, эгер Чоңду, Эсенаман,  Сартбайлар  Токтогулдун устаты болсо, анда эмне үчүн өз учурунда анын устаттары делген акындардын ырларын жана өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу маалыматтарды чогултуу иши колго алынган эмес. Эмне үчүн Тоголок Молдо “Чоңду, Эсенамандар Токтогулдун жанында шоона эшпей калды” деп, эки залкар ырчыга Токтогулдун устаты эмес, анын “оппоненттери” катары баа берип, окурмандарды чаташ-тырып жатат.

Токтогулдун шакирттери чын эле 60 болгонбу? Болсо, алар кимдер?

Токтогулдун чыгармаларын чогултуу  жана  элге  жайылтуу иштери мындан 80 жыл мурда башталганына карабастан, Токтогул Сатылгановдун шакирттери 30 болгонбу, же 60тан ашуунбу, алардын санын, ата-жөндөрүн  тактаган  бирөө  жок. Эмне үчүн? Эмне үчүн Токтогулдун шакирттеринин  ырларын  чогултуу, алар тууралуу маалымат топтоо жана изилдөө иштерине Токтогулчалык көңүл бөлүнгөн, тийиштүү деңгээлде мамиле жасалган эмес. Адатта, тоолордун бийиктиги бири-бирине са-лыштырмалуу билинет дешет эмеспи. Анда Токтогулдун Токтогул экенин даңазалаш үчүн аны менен замандаш акындардын, акындын шакирттеринин ырларын чогултууну мындай кое-лу, алардын ысымдарын таптакыр эле атабай, жашырып да коюу ошончо зарыл беле? Биз Токтогулдун шакирттери аталып жүргөндөрдүн санын 60ка эмес, алтоого, 30 эмес үчөөгө жеткире албай койдук. Деги тоо булбулунда 60 шакирт бар беле, же бул да ойдон чыгарылган нерсеби?

Көп  жылдар  бою  “Токтогулдун даңазалуу шакирттеринин биринчиси ушул Эшмамбет” (А.Обозканов. Эшмамбет Байсейит уулу. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 5-том.), “Токтогулдун эң жакын шакирти” (Кыргыз адабияты: энциклопедия)деген пикирлер арбын айтылып келди. Келгиле, жүрөгүбүзгө кол коюп, эки акындын айтыштарын кайрадан бир окуп көрөлү. Арийне, эки акындын бизге жеткен айтыштарынын тексттерине караганда, Эшмамбет Токтогулдун шакирти эмес, анын менен замандаш, Токтогул менен үзөңгүлөш жүргөн ырчы катары мүнөздөсөк туура болчудай. “Эшмамбет Токтогулга жолуккан күндөн баштап, экөө ар убак элди аралап ырдашып, кыйышпас адамдар катары өмүр бою ысык мамиледе болушканы; экөө ээрчише ырдаганда калкты зор рахатка бөлөп, таң калтырганы; Анжиян, Кокон, Кетмен-Төбө, Таластагы чоң аш-тойлор буларсыз өтпөгөнү; Эшмамбет айтыш өнөрүнүн теңдешсиз чеберлеринен болгону”(Кыргыз адабияты: энциклопедия)да бизди ошол ойго түртөт. Ырасында да, Эшмамбет Токтогул менен үзөңгү кагыштыра жүргөн, акындык дарамети Токтогулдан ашса ашкан, асти кем эмес залкар ырчылардын бири. Бул экөөнүн айтыштарынын мүнөзүнөн да байкалат. Эки залкардын айтыштарында, Эшмамбет чымчып, үстөмдүк кылып ырдаганда, Токтогул чычалап, аны каргап жиберген жерлери бар. Дегеле, “Эшмамбет бойлуу, толук, кара сур өңдүү, айры сакал, көтөрүңкү жүргөн, үстөмөндөтүп ырдаган, үнүнүн бийиктиги “Челек радиодой”, сакалы ычкыр кашатынан өтүп турган” деп айтса (Коргол) ал эми Калык Эшмамбет ырчыларга сес көрсөтүп, жүрөгүнүн үшүн алган ырчы болгондугун айткан” (Кыргыз адабияты: энциклопедия). Аны айтпаганда, Эшмамбеттин Токтогул менен бир-эки жаш гана айырмасы болгон, эң башкысы Токтогулдун ша-кирти деп айта турганчалык, төкмөлүк өнөрдү Токтогулдан үйрөнгөн эмес. Эшмамбетти Токтогулдун эң жакын шакирти катары сыпаттоо деле, Арзыматты “бай-манаптын ырчысы” дегендей эле, ойдон чыгарылып, таңууланган нерсе.

Тоголок  Молдонун  деле  “жолдош Токтогулдун” “нускасын алдым” (Б.Абдыракманов (Тоголок Молдо). Нускасын алдым. Токтогулдун замандаштарынын эскермелери. «Кыргызстан» мамбасмасы. Ф., 1959-ж.,) де-гени күлкү жаратпай койбойт. Жок дегенде, Токтогулду “жолдош” дебей койсо  да,  ишеничтүү  болор  беле?.. Мойнуна бирөө кылыч кесегенден бетер, куду Ленинге кайрылып жаткансып, “жолдош Токтогул” дебатпайбы. Адабиятчы Жаки Таштемировдун “… Барпы, Калык, Алымкул сыяктуу эл акындары өздөрүн улуу акындын окуучуларыбыз, Токтогулду устатыбыз деп эсептешет. Чындыгында ушун-дай» (Жаки Таштемиров, «Токтогул жана кыргыз адабияты». «Кыргызстан» басмасы. Фрунзе – 1964.) деп Токтогулдун шакирттеринин арасында Барпыны зордоп киргизип салганы кызык. Акыркы чейрек кылымда Барпынын “Ырчылык жөндөмүнө жергиликтүү ырчылар түрткү берген. Атасы Алыкул Шамырза уулу да жамактап ырдачу экен” (Кыргыз адабияты: энциклопедия) делип адабият тарыхынын нукура чындыгы айтыла баштады.

Эми Калык, Коргоол, Алымкул тууралуу айтсак, алардын Токтогулдун шакирттери болгонун жокко чыгаргыбыз келбейт. Коргоолду айта албайбыз, бирок Калык менен Алымкул өмүр бою Токтогулдун шакирти болгонун танышкан эмес жана Токтогулга кызмат кылышкан. Мейли, Эшмамбетти деле, Барпыны деле, Тоголок Молдону деле, Калык, Коргоол, Алымкул сыяктуу эле Токтогулдун көп шакиртинин бири дегенде да, акындын шакирттери 60 эмес, алтыга араң жетип жатпайбы?!! Калган шакирттери кайда? Токтогулдун ырларын чогулткандар, анын өмүрү-чыгармачылыгын изилдегендер аларды кай чукурга катып салышкан? Катса, эмне үчүн?

«Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!»

Эми “Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», “Арзымат менен айтышы”, «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу ырлары текстологиялык, фактологиялык маани-мазмунда, өзгөчө салыштырма стилдик, манералык формада каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын  талабы,  мезгил  талабы. Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши.» (Кыргыз адабияты: энциклопедия) деген маселеге кайрылып акындын сөз болгон ырларын талдоого алып көрөлү.

(Уландысы бар)