«Үйүндө отурбайбы, оңураак арабага салып албайбы» деп зээнди кейитет»

Бөлмөгө киргенимде суналып жаткан өңдүү түстүү кызды көрдүм. Көкүрөгүм дароо өйүп чыкты. Демим да баштапкысынан басаңдагансып эрдимди мыкчый тиштеп туруп калдым. Таза, тыкан бөлмөнүн ичинде көздөрүн жай ирмеген кыз. Аты Акмарал. Акмарал Алтынбек кызы төрөлгөндө эле тубаса майып ДЦП дарты менен жарык дүйнөгө келген. Ал сүйлөбөйт, баспайт, өз алдынча тамактана албайт, кыймылдоого жараксыз. Жанына барып учурашканымда мен жакты карап күлүмсүрөп “Абоов” деп үн чыгарды. Бул анын “Апа” деп менин келгенимди айткандагысы экен. Апасы да кызынын маанайы көтөрүлгөнүнө сүйүнүп өйдө жөлөп “карачы кызым биздин үйгө ким келди, сени гезитке чыгарат экен бул эже, сени жакшы көрүп издеп келиптир” деп мен тарапты көрсөттү. Акмарал эч нерседен капарсыз “Апа” деп гана койду. Андан соң апасы Гүлзада менен чай үстүндө маек курдук.

–  Жолдошум  экөөбүз  төрт  жыл  бою сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Аты Алтынбек.  Жолдошум  үй-бүлөнүн  улуусу  болгондуктан, анын үстүнө мен окуумду аяктай электигиме байланыштуу шаарга келип өз оокатыбызды өткөрүп баштадык. Арзышып жүрүп үйлөнгөнүбүзгө абдан бактылуу элек. Жашаган батирибиз Орто Сай айылында жер үй болчу. Кожоюнубуз да абдан жакшы адам. Арзанына карап мен окуумду бүткүчө ушул жерде жашап туралы деп чечтик. Көп өтпөй боюма бүтүп кош бойлуу болдум. Килем, палас өңдүү буюмдарды карга катуу күүсө чаңы кетип, өңү ачыла түшөөрүн апам дайым айтып жасатаар эле, мен да таза жашайын деп кагып силкип атып суук өтүп калганбы, айтор ошол күнү кечинде эле дене табым көтөрүлүп, чыйрыгып ооруксунуп калдым.

Антип минтип айыгып жүргүчө бир жумадай аралык өттү. Курсактагы балама жети ай жаңы болгон, январь айы эле. Коркконум ошол болду. Айткандай эле суум кетип төрөт үйүнө тез жардам менен бардым. Толгоом келип жети айлык кылып төрөп алдым. Негизгиси аман-эсен деп өзүмдү алаксыттым. Бирок жүрөк жагым түпөйүл боло берди. Дарыгерлер “Апаң менен кайненең келсин” деп туруп алышты, жашмын да ырымы ошондой го деп болголодум. Көрсө кептин баары ошол жакта экен. Бул кыз адам болуп кетээрине күмөнүбүз жок деп айта албайбыз дешти. Ошону менен ичтен чыккан ийри жылан деп тун чүрпөбүздү жолдошум экөөбүз көкүрөгүбүзгө кысып кала бердик.

Жылдар өттү, үйлөнө элек тууган, дос ат-туулар четинен үйлөнүп балалуу болуп башташты. Алардын балдары чуркап, тыпылдап сүйлөп турса ата-энеси кубанып, алгачкыкадамын, алгачкы тили чыккандагы сөзүн айтып мактанып отурушса, кызымды көрүп көзүмдөн жаш, жүрөгүмөн кан агып турду. Акмарал үчкө чыккычакты ушундай азаптарга чыдап келген болсок, андан кийинкиси ого бетер кыйындап баратты. Кичинесинде көтөрүп жүрсөң көп деле байкалбайт экен, уялбай дүкөн, тойлорго деле бара берчүбүз, беш-алты жашка чыгып баштаган соң көчөгө чыккандан уялып калдык. Атайын майыптар үчүн деп берилген арабага отургузуп алып бул деле бала да, сурабаса эле кем кылалыбы деп сейилдетип, сейил бакка алып барып, балмуздак, шоколад өңдүү таттуу тамактарды алып берип коелу деген таризде барабыз. Көчөдөн өткөнү деле, кеткени деле оңурайып карап атып адамды андан бетер элден өзгөчө болуп турганын айгинелеп, көзгө сайып көрсөтүп тургансыйт. Бирде баласы апасына карап бул эмнеге отуруп алган, неге баспайт деп угуза айтылган кичине балдардын сөздөрү сай сөөгүмдү сыздатты. Антейин десем бала да, акыл-эси толгон кишиге таарынгансып коем деп отурсам, чоң кишиси деле акылга сыйбас кептерди айтып өтүшөт. Бирде “үйүндө эле отурбайбы элдин көңүлүн бурбай” десе, бирде “оңураак арабага  салып  албайт  белеңер,  балаңар отура албай жатат улам ылдый шыпырылып” деп зээнди кейитет. Бирок мээрим менен сугарылган адамдар да жок эмес экен. Бирде жер-жемиш беришип, бирде оюнчук таштап кетишет. Ошого да кысынгансып жашаган батирибизди алмаштырып көчүп кетип калдык. Күнү бою, жылдар бою ошондой корунуу ме-нен жүрсөң ызакор деле болуп кетет экенсиң. Үйгө келгенде ыйлап алам. Ыйлаганда не, тагдырдан, илдеттен качып кайда барат элек, башка салганын көрөбүз да деп өзүмдү алак-сытам. Жолдошумдун көзүнчө ыйлабаска аракеттенем, анткени ал менден өтүп жумшак жан.

Кээде Акмарал ооруп калганда бошонгонунан да кабар бербей нес болуп эле жатып калат. Эки-үч күн тазалап карайсың, андан кийин чарчап да кетем, ызама чыдабай чаап да жиберем. “Баспасаң, сүйлөбөсөң мейли эле мелтиреп жатканың баарынан жаман экен” деп бакырам. Чындыгында оорубаса жакшы, заара ушаткысы келгенде дабыш чыгарып өзүнүн бир тили келген сөзү бар ошону айтат. Тамак жейм дегенди билдиргенге аракет кы-лат. Бирок башкасын канча үйрөтсөк деле айта албады.

Акмарал чоңойгон сайын денеси, тулку бою, сөөктөрү катып кийим кийгизүүдө абдан кыйналып кетем. Андыктан жуунтуп, тамак берип, кийим алмаштырууда жолдошумдун жардамысыз жалгыз жасай албай убараланам. Кичинесинде бир жылда эки-үч жолу Воронцовкага жана башка укалоочу, дарылоочу жайларды укканда дароо алпарчубуз. Барганыбызда “Айыгып кетет мындан жамандары келип жүргөн, кызыңар андан кадыр эсе жакшы болуп турбайбы” деп үмүттөндүрүп коюшчу. А биз ишенип алчу экенбиз. Көрсө куру кыял, үмүт экен да. Алар да биздин көзүбүздүн нурун көрүп катуу айта алышпаса керек. Ошол адамдарга абдан ыраазымын. Ал жакка бизден башка канчалаган адамдар кайыр сураган кайырчыдай эле жалбарып барышат, ошолордун барына үмүт от-ун тутантып жашоого дем берип жиберишет. Эми пайдасы болбогон соң түңүлүп калдык.

Кийинчирээк тааныштарыбыздан Ысык-Көлдөгү Ак-Суу жергесинде атайын ушундай балдарды дарылоочу жай бар дегенин угуп, алып бардык. Ал жактан атайын тиешелүү массаждарды, дары-дармектерди алат экен. Айыгып кетпесе да денесинин катышын токтотуп, жумшартуучу массаждарды жасайт экен. Таасири жакшы. Бир жылда бир барып турабыз.

Акмаралдын атайы жөлөк пулу 3000 сом. Чындап айтканда ал дары-дармегине, памперсине да жетпейт. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Бирок жакшы маяна алчу жумуштун талаптарына биздин иш графигибиз бирдей келип калып тоскоол болуп калат. Менин кесибим фармацевт болгондуктан кезек менен иштейм. Ага байланыштуу жолдошум такси кызматында. Дем алыш болгондо мен иштейм, жолдошумдун дем алышында ал иштейт. Батирде турабыз. Тапканыбыз батирге, тамак ашыбызга жетет. Ошого каниет кылып жүрөбүз.

Акмаралга колдоо көрсөтүүнү каалагандар 0555 50-09-81, 0555 50-15-81, 0705 38-41-38, 0705 50-15-81 номурларына байланышсаңыздар болот.