Ошто “Йакын Инкардын” 16 мүчөсү кармалып, 9 мүчөсү камалды

Ошто “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымдын 9 мүчөсү экстремизм үчүн камалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын 16 мүчөсү кармалган. 1-мартта Ош шаардык соту тарабынан алардын тогузу соттолгон. Ал эми калган 7 мүчөсү боюнча иликтөө иштери уланып жатат.

Толуктай кетсек, аталган агым 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаардык соту тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган.