Жалал-Абадда чек ара кызматынын жоокери атылган октон каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катардагы жоокер ефрейторду кокусунан атып алган. Бул тууралуу  КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, №2030 аскердик бөлүктө чек ара кызматынын катардагы Б.Д. уулу (2017-жылдын жазында чакыртылган) жоокери кызматта турган учурунда кокусунан ок чыгарып, келишимдик негизде турган ефрейторго ок чыгарып алган. ЕфрейторТ.Б., ооруканага бара жатканда жолдо каза тапкан.

Окуя болгон жерде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери иштеп, учурда аталган факты боюнча кылмыштык иликтөө жүрүүдө.