“Жүк-200” жеткирүү жеңилдетилет

Кыргызстанда “жүк-200” мекенине жеткирүү жеңилдетилет. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө “жүк-200” жеткирүүнүн тартиби боюнча өкмөткө жаңы жобо киргизилген. Ага ылайык, мурда “жүк-200” жеткирүү үчүн 14 документ чогултуш керек болсо, учурда анын санын үчкө чейин кыскарып,  өлгөндүгү тууралуу маалымат, ишеним кат жана паспорт жетиштүү.

«Андан тышкары, жеткирүүнүн суммасы 2015-жылдан 2017-жылга чейин 22ден 35 миң сомго чейин болгон. Бүгүнкү күндө биз дароо бардык чыгымдарды эсептеп, анын ичине соттук-медициналык экспертиза да кирет , бардыгын кошкондо 50 миң сомго токтолдук”,-деп билдирди Айдаралиев.

Ошондой эле, жарандарды жеткирүү үчүн мурдагыдай эмгек келишими болушунун зарылчылыгы жок. Учурда Кыргызстандын жараны болушу гана жетиштүү.

Мамлекеттик миграция кызматынан кошумчалашкандай, “Эйр Манас” жана “Эйр Трафик” авиакомпаниялары “жүк-200” акысыз жеткиришет.