Акча жумалыгы башталды. Ал эмне?

Кыргызстанда 12-мартта балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда өткөн пресс-конференцияда жарыяланды. Иш чара ушул жылдын 18-мартына чейин улантылып, “Акча маселеси маанилүү” деген ураан менен өтөт.

Финансылык сабаттуулукту чоңдордон баштоо керек

“Бир жуманын ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана коммерциялык банктар биргелешип, мектептерде ачык сааттарды өткөрүшүп, ЖОЖдордо лекцияларды окуп, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияларды уюштуруп, коммерциялык банктарда жана мамлекеттик органдарда ачык эшик күндөрүн, квест оюн, балдар арасындагы бизнес жарманке ж.б. бир катар иш чараларды өткөрүшөт. Мындан сырткары улуттук сүрөт, эссе, мектептин бюджетин талкуулоо сынактарынын жыйынтыгы чыгарылат. Сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи 20-мартта Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өткөрүлүшү пландалууда”, — деп билдирди Т.Абдыгулов.

2017-жылы акча жумалыгына катышкан өлкөлөрдүн саны 100дөн ашкан. Ал эми Кыргызстан бул иш чараны өткөрүүгө 4 жылдан бери катышып, былтыр 700гө жакын иш-чара уюштурулуп, ага 25 миң адам катышкан. ЖМКда маалымат жарыялоонун алкагында 1 млн. 600 миң адам камтылган.

Ошондой эле Улуттук банк Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте финансылык сабаттуулукту көтөрүү боюнча курсту ишке киргизүүнү пландоодо. Учурда кайсы сабактар, канча сааттан киргизүү керек экени такталып, курстун методологиясы иштелип жатат. Анын алкагында Улуттук банк немис фонду менен биргеликте аталган сабактарды өтө турган мугалимдерди окутуп жатканына токтолгон Т.Абдыгулов: “Жаштарды эле финансылык сабатуулукка окутпастан, чоңдорду да окутуш керек. Кээ бир нерселерди үйрөнө турган учурлар бар. Мисалы, үйүн кепилдикке коюп, башка бирөөгө насыя алып бербеш керек. Же тийиштүү документтерсиз, оозеки сүйлөшүүнүн негизинде бирге бизнес жүргүзүүгө болбойт”, — деп билдирди.

Аманаттардын жогорулашы – финансылык сабаттуулуктун өскөнү

Анткен менен калк арасында финансылык сабаттуулуктун жогорулап калганы байкалып турат. Бир жылдары финансылык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн улам насыя артынан насыя алып жатып, аны төлөй албай калып, кээ бир жарандар өзүн-өзү өрттөгөн фактылар да болуп келген. Акыркы жылдарда мындай фактылар дээрлик жокко эсе болуп калды. Финансылык сабатуулуктун жогорулап калганынын дагы бир далили катары жарандар колундагы каражатын үйдөгү банкада, сандыкта сактабастан, банктарга ишеним арта баштаганынан улам байкасак болот. Маселен, депозиттерди сактоо агентигинин аткаруучу директору Жыргалбек Касымовдун берген маалыматына ылайык, 2017-жылы депозиттердин көлөмү 63,9 млрд. сомду түзгөн. Анын 37,6 млрд. сому улуттук валютада – бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 21,3%га көтөрүлгөн. Ошондой эле чет элдик валютада сактоо 1%га өскөн. Жалпы банк си-стемасы боюнча салымдардын саны 2 202 727ни түзүп, 175 791ге жогорулаган. Белгилей кетчү жагдай бир эле адам бир нече салым кылса болот.

Мындай өсүштүн болуп жатканынын дагы бир себеби КР Депозиттерди коргоо агенттигинин түзүлгөнүнөн улам. Аталган агенттик 2008-жылдын 29-августунда түзүлгөн жана ал эгерде банк банкрот болуп же атайын жабылган учурда “Банктык салымдарды коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, депозиттердин пайызын кошуп, 200 миң сомго чейин компенсация төлөп берет.

Учурда агенттиктин фонду 1,8 млрд. сомду түзөт. Анын ичинен 257,7 млн. сом Өкмөттүн бир жолку акысы, 966,4 млн.сом катышуучу банктардын мүчөлүк акысы. Ал эми 190,3 млн. сому агенттиктин мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялап, капиталдаштырган кирешеси болуп саналат.

2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын  1-январына  чейин  катышуучу  банктар тарабынан 52 239,16 миң сом кезектеги мүчөлүк акы төлөнгөн. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 1388,76 миң сомго көп же 2,73%га жогорулаган. Муну депозиттердин санынын өскөнү менен байланыштырсак болот.