Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, унаа жол эки тарабынан тең жабык

Кечээ, 13-мартта болжол менен кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн атайын 40тан ашуун куткаруучу жана техникалар тартылып, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы тазаланууда.