Өнүгүүнү ар ким өзүнөн баштаса

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жылдын “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланышы элет жериндеги карапайым калк, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, колдоого ээ болууда. Буга эң оболу анын элет жеринде өсүп, өзүнүн кызматтык ишмердик жылдарынын дээрлик көпчүлүгүн аймактарда өтөгөндүктөн десек жаңылбайбыз.

Талас жеринде үлүш жерлери мол, сугат суу кенен, жердин кыртышынын асылдуулугу жакшы айыл аймактардагы элдин жашоо шарты дурус. Ошондуктан жаңы турак-жайлар курулуп, турмуш оңолгону байкалууда. Бирок Талас районунун жогорку аймакта жашаган чөлкөмү малга жайлуу болгону менен малчылыктын түйшүгү көп эмеспи. Өрөөндүн жогорку зонасында да, төмөнкү зонасында да айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар жокко эсе. Албетте, сүттү кайра иштетип жаткан 7 заводду эске албаганда. экономика министрлигинин расмий  маалыматына  таянсак,  2017-жылы  өндүрүлгөн  өнөр  жай  продукциясынын көлөмү 1 млрд. 283,9 млн. сомду түзсө, өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгү үч ишкананын үлүшүнө туура келет. Ал ишканалар: “Талас сүт” (273,9 млн. сом) жана “Арашан” (83,4 млн. сом) ААКлары жана “Гортис” ЖЧКсы (8 млн. сом). Ошондуктан төө бурчакты, жашылча-жемиштерди, этти кайра иштетип, консервалоочу ишканаларды ачуу өтө зарыл. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк бул маселелер боюнча Өкмөткө долбоорлорун сунуштады.

“Жер үй”, “Шыралжын” ж.б. бир топ кендер иштетиле баштаса, облустун экономикасына оң таасирин тийгизет. Ал эми республикалык бюджеттен жүз миллиондогон сом каражаттар жумшалып, бирок жарактан чыккан Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы кант заводун тагдыры эмне болгону белгисиз. Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү заводго бюджеттен олчойгон каражаттар жумшалганы менен 15 жылдан бери сенек бойдон турат. Маймакка 800 млн. доллардык нефтини кайра иштетүүчү завод курабыз деген “Темирлан ойл” компаниясынын аракети ишке ашса эң сонун болмок.

Талас облусу эт азыктарын экспортто-со болмок, азыркы учурда облуста мал өтө көбөйдү. Ал тургай мал батпай жайыт талашып соттошуулар болуп жатат. Бирок облус боюнча жалпы 3 мал союучу жай ЕАЭБдин талаптарына жооп бербегендиктен ал турмушка аша элек. Кара-Буура жана Манас районунда мал союучу жай курууга жер бөлүнүп жатат.

Ал  эми  экспортко  чыгарылган  азык түлүктөрдөн негизинен төө бурчак болуп эсептелет. 2017-жылы облусубуз дүйнөнүн 27 өлкөсү менен соода алакаларын жүргүзүп, экспорттук жөнөтүүлөр 2 млрд. 422 млн. сомду түздү, же өткөн жылдын ушул мезгилинде салыштырмалуу 764,5 млн. сомго же 76%га төмөндөгөн. Төө бурчактын баасынын көтөрүлбөй жатканынан улам мурдагы жылга салыштырмалуу киреше да кыйла кыскарган. 2016-жылы «Талас облусунун өнүктүрүү фонду»  түзүлүп,  «Жер  үй»  алтын  кенин иштетүүгө берилген лицензиянын эсебинен 170,3 млн. сом которулуп берилген. 1-январга карата, фонд тарабынан Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунан жана Талас шаарынан жалпысы болуп 87 долбоор кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 24 айыл аймагында тендер өткөрүлүп, 37 айыл аймагына 102,1 млн. сом акча каражаты которулуп берилди. Анын ичинен 15 айыл аймагына жалпы суммасы 34,5 млн. сомго 21 даана айыл чарба техникалары алынып келинген.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Фонддун башкармалыгы тарабынан 125 млн. 155 миң сомду түзгөн 37 долбоор жактырылып, Байкоо кеңешинин кароосунан өттү. Алардын ичинен айыл чарба техникаларынан сырткары, 4 айыл аймакка 15, 4 млн. сомго таза суу менен камсыздоого, 7 айыл аймагына 19 млн. сомго көчөлөрдү жарыктандырууга, 4 айыл аймагына 10 млн. сомго кичи футбол аянтчасын куруу-га, 2 айыл аймакка 12,7 млн. сомго башталгыч мектеп курууга, 1 айыл аймакка 6,7 млн. сомго бала бакча курууга, 1 айыл аймакка 13,1 млн. жаңы типтеги ваакумдук муздаткыч курууга, 1 айыл аймакка 7,6 млн. сомго таш майдалоочу станок жана трансформатор коюуга, 1 айыл аймакка 2 млн. сомго БСРди тазалоо иштерине, 1 айыл аймакка 0,6 млн. сомго капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө багытталган долбоорлорду финансылоо каралган.

Жогорудагыдай эле көлөмдөгү акча каражаты Талас районунун өнүктүрүү фондусуна которулуп, 161,7 млн. сомго тендерлер өткөрүлүп, учурда акча каражаты берилген. 82,3 млн. сомго 24 даана айыл чарба жана атайын техникалары алынса, 37,9 млн. сомго 12 даана футбол аянтчасы курулган, 10,8 млн. сом таза суу киргизүү жана суу түтүктөрүн ондоого, 1,3 млн. сом күрөш залын курууга, 6 млн. сом айылдагы бала бакчалардын жылытуу системасын ондоого, 8,1 млн. сом айыл аймактарды жарыктандырууга жана айыл аймактын зарыл делген маселелерин чечүүгө жумшалган.

Ошондой эле көлөмдөгү акча каражаты Финансы министрлиги тарабынан Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын бюджеттик эсебине которулуп берилип, 2 жыл аралыгында болгону 59,1 млн. сом акча каражаты өздөштүрүлгөн. Алардын ичинен, 19,0 млн. сом айыл чарба техникаларын алууга, 3,3 млн. сом кичи футбол аянтчасын курууга 2,6 млн. сом көчөнү жарыктандырууга,10,9 млн. сом спорт комплексин курууга, 23,3 млн. сом айыл аймактагы мектептердин жылуулук системасын оңдоого жана айыл аймактын зарыл делген маселелерин чечүүгө жумшалган.

Мындан  тышкары,  Жер  үй  кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын “Бакубат Талас” байгерчилик фондусу-нан социалдык пакет иретинде келишимге ылайык 100 млн. сомунан өндүрүш жана кайра иштетүү тармагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 70 млн. сом жана калкка социалдык жардам көрсөтүү максатына 30 млн. сом бөлүнгөн.

2017-жылдын декабрына карата аталган фонд тарабынан 260 карызгерге 70 млн. сом жеңилдетилген насыя катары 8% үстөк менен берилди. Фонддун байкоочу кеңеши тарабынан 30,0 млн. сомго 61 долбоор жактырылып, 21,7 млн. сомго 49 долбоор ишке ашырылды.

Сөздүн кыскасы, республиканын борбору Бишкекке бүткүл өлкөнүн финансылык резервин жыйнап албай, облустук бюджеттерди калыбына келтирүү ылайык. Антпесе региондор өсө албасы бышык.