Ишембилик – эмгек майрамы

Биринчи коммунисттик ишембилик 1919-жылдын жазына туура келет. 1919-жылдын 12-апрелдин түнүндө, ишемби күнү Москва депосунун жумушчулары цехке келишип, ишембилик уюштурушкан. Кийинки 1920-жылдын 1-майында бүткүл россиялык ишембиликте пролетариаттын жол башчысы В.И.Ленин Кремлде ишембиликке катышкан. Лениндин устун көтөргөн сүрөтү ошол ишембиликтен калган бир элес. Лениндин көзү өткөндөн кийин ишембиликке да саясий түс берип, компартия ишембиликти Лениндин туулган күнүндө 22-апрелде өткөрүү чечимин кабыл алган.

Ырасында, ишембилик бул жакшы демилге, жакшы салт. Ишембилик – эмгек майрамы. Ар бир кыргызстандык өз өлкөсү үчүн бир күн болобу, бир жума-бы, белин эңкейтип, бекер иштеп койсо, бул бүтүндөй коомго, мамлекетке пайда эмеспи. Бирок, биерде ойлончу бир маселе, кашайып 22-апрелде Кыргызстандын шартында жаз капортолоп, көчөт тигүү убагы өтүп кетет. Элдин эсинде чыгар, союз учурунда 22-апрелде далай эле бак тиктик, бирок, нечен миңдеген көчөттөрдүн убалына калып, кууратып албадыкпы. Мүмкүн, Москвада жаз кечигип, апрелде келер, а Кыргызстанда жаз да, жай да, күз да, кыш да өз убагында келип, өз убагында кетет. Андыктан, мен ошол эскиден келаткан уңгулуу салтты – ишембиликти (СССРдин тушунда бул сыяктуу уңгулуу салттар, демилгелер көп болгон, аларды да СССР сыяктуу талкалап салбай, азыркы мезгилге тууралап пайдалансак, анын эмнеси жаман) улантып, бирок анын убагын апрель айына калтырбай, Нооруз майрамына туштасак, күн менен түн теңелген 19-25не чейин ишембилик жумалыгы жарыяласак деп сунуш кылар элем.

Бул убак көчөт тигүү үчүн Ат-Башы, Чоң-Алай менен Алайкууда эле эртелик кылбаса, Кыргызстандын башка аймактары үчүн өтө ыңгайлуу учур. Ишембиликти Нооруз майрамына карата сунуштаганым, Нооруз – жердин желини айрылып чөп чыгып, мал тоюнуп, жерге жылуулук тегиз тараган убак. Ансыз да ал күндөрү тегерек-четибизди тазалап, аруулукка басым жасайбыз. Андыктан, жаз майрамы, күн менен түн теңелген күндү – эмгек майрамы менен айкалыштырсак, мындан бүтүндөй калкыбыз утар беле деген ой кетет.

Баарыңыздарды  келаткан  Нооруз майрамыңыздар  менен  куттуктайм,  баарыңыздарды Ноорузду эмгек майрамына айлантууга чакырам.

Иса МУСАЕВ, Ат-Башы району, Казыбек айылы