Деңизден жылдызга чейинки Кастамону

Дүйнөлүк маданий процесстерде эбегейсиз орду бар эл аралык “Түрксой” уюму 2018-жылдагы жалпы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп – Кастамону шаарын атаганы белгилүү. Дал ошол окуянын алкагында Түркия бийлиги түрк тилдүү Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан, Гагаузия элдеринен экиден журналистти бизге али белгисиз Кастамону шаарына мейманга чакырды эле. Түрк тилдүү элдердин көңүл чордонунда турган Түркиянын Кастамону шаары тууралуу азын-оолак баяндап берүүнү туура көрдүк. (Баса, келерки жылы аталган уюм кезекти Кыргызстанга берип, кереметтүү шаарларыбыздын бирин бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданий борбор калаасы атаганы турат)

Сарымсактын мекени

Эгемендик жылдары кыргызстандыктар боордош Түркия мамлекети менен дурус эле тааныштык окшойт. Стамбул, Анкара, Анталья ж.б. шаарларын угуп, билип жүргөнүбүз менен Кастамону аттуу шаар көпчүлүк мекендештерибиз үчүн бейтааныш.

Кастамону  же  бизче  айтканда  облусу Түркиянын түндүк жагынан орун алган. Административдик борбору — Кастамону шаары. 20 району (илчеси) бар Кастамону провинциясы айыл-кыштактарынын көптүгү боюнча Түркияда экинчи орунда турат. 2558 айыл, 1071 кыштак бар. Демек бул аймакта мал-чарбачылыгы менен дыйканчылык башкы орунда турат. Аймагынын дээрлик жарымынан көбү токойлуу, тоолуу келген Кастамону түндүгүнөн Кара деңизге чулганып, түштүгүнөн бийик тоолуу Ылгаз, Күре тоо кыркалары менен курчалган. Ошол себептен бул жактыктар “деңизден жылдызга чейинки Кастамону” деп киндик каны тамган кичи мекенин аздектеп, сыймыктануу менен айтышат экен.

120 миң калкы бар Кастамону шаарынын жашоочуларынын негизги курамы түрктөр, түрктөшүп кеткен түркмөндөр түзөт. Бул шаар биздин заманга чейинки 8-кылымда хеттер тарабынан негизделген. Андан кийин Фригия, Лидия королдуктарынын карамагында болуп, ар кайсы убактарда перс тер, македондуктар, римдиктер, византиялыктар, селжуктар башкарышкан. 14-кылымда бул жакка түркмөндөр көчүп келип, ошол эле жүз жылдыктын акырында осмондуктар басып алышкан. Бирок көп өтпөй кадимки Аксак Темир Кастамонду өзүнө каратып, бирок 1461 – жылы султан Мехмед II бул аймакты толугу менен түрк элинин энчисине өткөрүп алган.

Тээ илгерки антикалык доордон азыркыга чейин кадимки сарымсактын мекени делинген Кастамону аймагынын жаратылышы чынында суктанаарлык экен. Биздин Нарын облусубузга окшоп кеткен тоолуу, токойлуу кооз Кастамону туризм тармагына жакынкы жылдары гана өзгөчө көңүл бура баштаган сыяктуу. Бул жерде тоо туризминен тартып, көрүп келүүгө татыктуу маданий-тарыхый эстелик-тер, экстремалдуу спорттун бир топ түрү, ден соолукту чыңдоочу табийгый булактар жана Кара деңиздин жээгиндеги пляж туризми эс алуучуларды кучак жайып тосуп алууга даяр. Ал эми тейлөө, кызмат көрсөтүү жагынан түрктөр дүйнөдө алдына киши салдырбайт эмеспи.

Баса, башында бул аймакты сарымсактын мекени дебедикпи. Чынында эле айыл-чарба азыктарын өндүрүү боюнча экинчи орунда турган Кастамону тээ илгери Пафлагония же “сарымсак жыттанган эл” деп аталган. Жер кыртышынын же аба ырайынын өзгчөлүгүбү  айтор  Кастамону  аймагында өстүрүлгөн сарымсактар азыр деле бүтүндөй түркиялыктардын самаганы, издегени экен. Ал эми кастамонулуктар болсо бул өсүмдүгү менен сыймыктанып, келген меймандарына сөзсүз сарымсак менен сыйлап, баштыгына толтуруп беришет. Сарымсак — Кастамонунун башкы символу десек болот.

Далай доорду ичине каткан байыркы курулуштар

Миңдеген жылдарды ичине катып, дымып турган керемет тарыхый имараттар, мунара, чептер, мечиттер Кастамонуда ондоп саналат.

Алардын эң эле көрүнүктүүлөрү: “Кастамону күлеси” 12-кылымда византиялыктар тарабынан тургузулган.

Бүтүндөй Кастамону шаарын  алаканга  салгандай көрсөтүп, күнү-түнү убакытты айтып турган “Саат күлеси” мунарасы 1885-жылы курулган. Мындан тышкары биздин заманга чейинки 700-жылга таандык “Шехиншах Каясы” деп аталган тоо боорундагы мүрзөлөр, 1506-жылы Осмон империясынын убагында курулган “Насруллах Жами” же Нассруллахтын мечити дагы тарыхка кызыккандарды кайдыгер калтырбайт.

Кастамонулуктар туристтерге сыймыктануу менен көрсөтүп, мактана алчу тарыхый имарттардын дагы бири “Исмаил бей күлеси” деп аталган тарыхый комплексти атасак болот. Тээ илгери Исмаил хан өз аймагына меймандап келгендерди же соода сатык менен өтүп бара жаткан кербендерди үч күн, үч түн бекер тамак, бекер эс алуучу жай менен камсыздап турган. Төөлөрүн өргүтүп, чөп чар берүүчү атайын турак –жай күнү бүгүнкүгө чейин сакталып турат. Баарынан кызыгы ал жакка кире бериште тараза орнотулган. Исмаил хан адамдарга гана эмес, жан-жаныбарларга дагы кам көргөн кудум биздин Асан кайгыга окшогон боорукер инсан болсо керек. Ар бир төөнүн жүгүн ошол таразага тарттырып текшертчү тура. Эгер айрым соодагерлер ач көздүккө алдырып, төөлөрүнө ашыкча жүк ташытып кыйнаган болсо, аны ким экенине карабай жазасын бир заматта берип койчу экен.

Кастамону  аймагы  мечиттердин  саны боюнча Түркиядагы эле эмес, дүйнөдөгү эң алдыңкы аймак болсо керек. Азан үнү кадам сайын жаңырып, эли дагы ыйманга сугарылган адептүүлүгү, такыбалыгы жүзүнөн көрүнүп  турат.  Ал  мечиттердин  дээрлик көпчүлүгү жүздөгөн жылдар мурун салынган, Осмон империясынын дооруна таандык. Ошондой мечиттердин бири — Кастамону шаарынын чет жакасындагы Касаба деген кыштакта жайгашкан Махмутбейдин мечити. 1366-жылы салынган бул мечиттин дубалынын калыңдыгы жарым метр, бир дагы мык же темир колдонулган эмес. Жыгачтан ашталып жасалган ички жасалгалары 700 жылдан бери былк этпей сакталып турат. Учурда бул мечитте жума күндөрү гана намаз окулбаса, калган күндөрү музей катары өзгөчө коргоого алынган. Өрт коопсуздугу эске алынып азыркыга чейин электр жарыгы киргизилген эмес.

Шерифе Балжы же Анадолу аялдарынын эрдиги

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Кастамону аймагынан өтө көп сандагы жоокерлер набыт болушкан. Согуштук аракеттер бул аймакта жүрбөгөнү менен жоготуулар укмуштуудай болгонун, эркектердин дээрлик баардыгы ошол 1914-1918-жылы кырылып калганын кайгыруу менен эскерип келишет. Жада калса өспүрүм балдар дагы согушка аттанып, жалаң аялдар калышкан. Бирок аялдар мүңкүрөп жатып калбай, жеңиш үчүн болгон аракетин жумшашкан. Өгүздөргө, аттарга араба чегип алып, ок дарыларды Анкарага жеткирип турушкан. Ошондой каарман аялдардын бири Шерифе Балжы кичинекей кызы менен далай ирет курал ташып, эч бир тыным алган эмес. Кыштын кычыраган күндөрүнүн биринде жооптуу милдетин аткарам деп узак жолдо Шерифе Балжы наристе кызы менен суукка тоңуп өлүшкөн. Баса, азыркы Кастамону шаарынын борбордук аянтында ошол жылдары Түркияда эң биринчилерден болуп аялдардын митинги өткөн. “Күйөөлөрүбүз, балдарыбыз, аталарыбыз, бир туугандарыбыз согушта набыт болсо дагы, биз тайманбайбыз, алар жасабай кеткен ишти биз бүтүрөбүз, мамлекетибиз үчүн өлүмдөн кайра тартпайбыз” — деген маанайда өткөн ошол аялдардын алгачкы митинги Түркиянын тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган. Дал ошол аянтка Шерифе Балжы жана анын кичине кызынын элеси чагылдырылган композициясы суктанаарлык эстелик тургузулган.

Баян — макаламды кастамонулук аалым, түрк элинин сыймыгы болгон шейх Шабан-и Велинин “Күлүп-жайнап келгиле, күлүп-жайнап кеткиле, ар бир ишиңерди жыл маюу менен жасагыла” деген сөзү менен аяктагым келип турат. Анын бул насааты бүгүнкү күнгө чейин кастамонулуктар тарабынан кынтыксыз аткарылып келет. Кастамонудагы ар бир кафе, дүкөн, кеңсе, музей айтор баардык жерлеринде бул насаат сөз илинип турат. Эли дагы ар дайым күлүп-жайнап, жайда-ры жүргөнүн байкадык.

Эрнис БалБаков