Сот Малика Динаны тергөө бүткөнчө үй камагында калтырды

Кечээ, 18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчы Малика Динанын баш коргоо чарасын карап, аны тергөө бүткөнчө үй камагында калтырды. Бул тууралуу   Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маклика Дина Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча иш козголуп, «ижарага алган унааны кайтарып бербей, башка адамга сатып жиберген» деп айыпталууда. Ага 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту сыртынан аны камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам ал издөөгө алынып, кармалары менен тергөө абагына киргизилиши керек болчу. Бирок Малика Динанын ден соолугуна байланыштуу ал Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *