Белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг көз жумду

Дүйнөгө белгилүү англис физик-теоретиги Стивен Хокинг 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу BBC маалымдады.

Окумуштуу шаршемби күнү Кембридж шаарындагы үйүндө көз жумган.

1998-жылы «Убакыттын кыска тарыхы» («Краткая история времени») аттуу китеп жазып, ал он миллиондогон тираж менен тараган. Китепте ааламдын пайда болушу, боштук жана убакыт тууралуу баяндалган. Андан сырткары, кара тешик теориясын жазган.

1963-жылы 22 жаштагы Хокингге каптал амиотрофикалык склероз диагнозу коюлган. Дарыгерлер ошол тапта ал болгону эки-үч жыл жашайт деп эсептешкен. Бирок алардын божомолдору акталбай окумуштуу илимий ишин улантып, эки жолу үйлөнүп жана үч баланын атасы болгон.

Буту-колу иштебей калганына карабастан Хокинг компьютердик синтезатор аркылуу дарс окуп, сабак берип келген.