Өзгөндөгү массалык уулануудан кийин үч баланын абалы оор бойдон калууда

Өзгөндө үйдө жасалган салатка ууланды деп, ооруканага жаткырылган үч баланын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Дарыгерлер ботулизм диагнозун койгон балдар 11-мартта ууланышкан. 12-мартта 9 адам дарыгерге кайрылса, калган бешөө 13-мартта келишкен. Ооруканага кайрылгандардын бардыгы үй шартында жасалган консервалык жашылча салатынан ууланышкан. .

2018-жылдын 14-мартына карата тамактан уулангандардын саны 17 адам, алардын алтоо балдар. Санавиациянын линиясы боюнча 5 бала 13-мартта Ош шаардык клиникалык ооруканасына жөнөтүлгөн. Үч баланын абалы оор деп бааланууда, дагы үчөөнүн абалы орточо туруктуу делип, жугуштуу оорулар бөлүмүндө.

Маалыматка караганда, Өзгөн аймактык ооруканасында жабыркаган 12 адам жатат, алардын бирөө реанимация бөлүмүндө, абалы оор бойдон калууда. Калган бейтаптардын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.