Бедаквилин жана деламанид эмнеге киргизилгени жатат?

Бишкекте Чыгыш Европа жана Борбор Азияда кургак учуктун коркунучуна каршы күрөшүү үчүн эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусундагы эки күндүк симпозиум болуп өттү. Кургак учук аталган аймактардын өлкөлөрүндө коомдук саламаттыкты сактоонун олуттуу көйгөйү болуп калууда жана иш чарада бул ооруну дарылоого заманбап алгылыктуу мамилелер, ошондой эле жаңы дары-дармектер жана дартты аныктоо каражаттарын колдонууну кеңейтүү негизги тема болду. КР Саламаттык сактоо министрлиги “Чек арасыз дарыгерлер” – Mеdecins Sans Frontiеres (MSF) эл аралык медициналык гуманитардык уюму менен биргеликте уюштурган илимий форумга аймактардан 160ка жакын катышуучулар жана эл аралык таанылган эксперттер келишти.

Кургак  учук  менен ооруган  бейтаптардын  жана  аларды  курчаган адамдардын  медициналык керектөөлөрү жана күтүүлөрү «Ооруну эмес, бейтапты дарылоо: адамга багыт алган мамиле» симпозиумунун девизи болду. Симпозиумда дарылоонун жаңы, кыскараак схемаларынын натыйжалуулугунун далилдери көрсөтүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча кургак учук дүйнөдөгү өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оору 1,7 миллион адамдын, анын ичинде 250 000 баланын өмүрүн кыйган. Анын басымдуу бөлүгү төмөн жана орто деңгээлдеги кирешеси бар өлкөлөргө туура келген. Негизги дары-дармектерге туруктуу келген кургак учуктун формалары өтө кооптуу. Дарыга туруктуулугу бар кургак учук менен ооруган бейтаптар-дын жарымы гана ийгиликтүү айыгып кетишет.

“Кургак учукту өткөн мезгилдин оорусуна айландыруу үчүн биз дагы узак жол басып өтүшүбүз керек”, – дейт Кыргызстандагы “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун медициналык координатору, доктор Назгүл Самиева.

– Дарылоонун өтө натыйжалуу кара-жаттарынын бар болгондугуна карабастан, ага баарынан көбүрөөк муктаж болгондорго жетүү жана акыр аягын-да оорунун жайылтылышын токтотуу үчүн алар практикада кеңири колдонулбай жатат”. Дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн азыр эки жаңы дары бедаквилин жана деламанид бар, булар Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн дарылоо практикасына акырындап колдонууга киргизилип жатат. Ошого карабастан, MSF жана «Кур-гак учукту токтотуу» өнөктөшү тарабынан чыгарылган жакындагы отчет, аймак боюнча тынчсыздануучу статистиканы көрсөтүп турат. Сурамжылоодон улам өлкөлөрдүн көпчүлүгү бедаквилинди жана деламанидди улуттук колдонмолоруна киргизгени менен, мындай дарылоону азырынча аз эле бейтаптар алып жатат. 2017-жылдын июль айындагы абал боюнча бул отчеттун алкагында сурап билүүгө катышкан сегиз өлкөдөн, болгону 2 441 адам гана бедаквилинди жана 333 адам деламанидди, башкача айтканда, дарылоого муктаж болгон адамдардын 3% алган.

“Кургак учук көйгөйүнө тиешеси бар бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү бул ооруга каршы күрөшүүдө алдыга жылуусу өтө маанилүү. Белгилүү бир прогресске жетише алдык, дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы каражаттары пайда болду, бирок, алар дагы деле муктаж болгон бейтаптарга жетпейт жатат. Кургак учукка каршы жаңы дарыларды камтыган, дарылоонун кыскартылган схемаларынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун көрсөтүүчү клиникалык изилдөөлөргө азыр аймактардын бир нече өлкөлөрү катышууда жана 2018-жылдын жаз айларында Кыргызстан бул өлкөлөрдүн катарына кошуларына үмүт кылабыз” – дейт доктор Н.Самиева.

Симпозиумга катышкан Республикалык фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыровдун берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдар арасында кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу экени маалымдалды. Ошондой эле Кыргызстанда балдар арасында кургак учук өсүп жатат деген айрым такталбаган маалыматтар туура эмес экенин, тескерисинче, балдар арасында бул оору азайып жатканын белгиледи. 2011-жылы  100  миң  баланын ичинен 84ү кургак учукка чалдыкса,  2017-жылдагы  эсеп  боюнча бул көрсөткүч 20 бала болду. Бул 2011-жылга  салыштырмалуу  кургак учук менен ооруп калган балдар төрт эсе азайды деген сөз. Беш жашка чейин ки балдардын дээрлик 96 пайызы кургак учукка каршы эмдөөдөн өтүп жатат. А.Кадыров диний көз караштан улам эмделбеген балдардын көбү кургак учуктун менингити сыяктуу оор илдеттерге кабылып жатканын белгиледи. Ал эми дартты аныктоодо балдар арасында молекулярдык-гендик негиздеги жаңы, заманбап ыкма пайдаланылып жатат. Эң күчтүү дарыларды тоготобу же жокпу, аныктоодо мурда убакыт талап кылынса, азыр эки сааттык эле иш болуп калды. Мурда какырыкта таякча барбы, ал дарыларга сезгичпи, айтор анын туруктуулугун аныкташ үчүн үч-төрт айлап лабораториядан күтүшчү. Азыр «Платформа Ген Эксперт» аттуу диагностикалык ыкма менен баланын шилекейинен эле кургак учуктун таякчасын, анын кайсы дарыларга туруктуу же туруксуз экенин, микобактериянын ДНКсын эки саатта эле аныкталат.

Ал эми Кыргызстандагы «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун медициналык координатору, дарыгер Назгүл Самиева, дарылоонун өтө натыйжалуу каражаттар бар экенине карабай, ага баарынан көбүрөк муктаж болгон балдар жете албай жатканын белгиледи. Учурда балдардын салмагына, организмине ылайыкташкан атайын өзүнчө заманбап дарылар колдонулуп жатканын дагы кошумчалады.

Саламаттык сактоо минис-тринин орун басары Амангелди Мурзалиев Рес публикалык  фтизиатрия  борбо-рундагы молекулярдык ген-дик дарт аныктоочу ыкмадан тышкары, медициналык бардык жайларда, мектептерде, бала бакчаларда медайымдар жана дарыгерлер баладагы оорунун белгилерине көз саларын айтты. “Балада жаңыдан оорунун белгиси пайда болуп калса, маселен жөтөлүп, алсырап, дене табы көтөрүлсө, дароо адистерге кайрылуу керек. Мындай балдарга эне-ата, мугалимдер көңүл буруп, баланы өзү катталган бейтапканасына текшерүүгө алып баруу зарыл. Буга кошумча жыл сайын профилактика иретинде ренг-тенден да өткөрүп турабыз” – дейт, А.Мурзалиев.

24-март – Эл аралык кургак учук менен  күрөшүү  карата  март  айында Кыргызстанда бул оору жөнүндө эл  арасында  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп, профилактика жагына көңүл бурулмакчы.

Ал эми «Чек арасыз дарыгерлер» отуз  жылдан  ашык  убакыттан  бери кургак учукту дарылоо менен иш жүргүзүп жатат. Уюмдун дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо боюнча биринчи программалары 1999-жылы ачылган жана бүгүнкү күндө дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо менен  иш  алып  барган,  бейөкмөт медициналык  эң  ири  уюмдардын бири.