Жалал-Абад облусунда солдат аскер кызматкерин сүзүп өлтүрүп алган

Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктө болгон кырсыктан бир жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачылыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 18-май күнү Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрдүн бириндеги техникаларды тейлөөчү жайда болгон. Анда катардагы жоокер башка келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокерди унаа менен сүзүп алган. Жабырлануучу Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Азыркы тапта аталган факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына билдирилип, ички тергөө иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *