Композитор Кыдыкбек УСУПБАЕВ: «Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө, Кереметтүү кучагыңда жүргөндөй»

– Саламатсызбы, Кыдыкбек ага? Биз  бала  кезде  обонун  сиз  жараткан, сөзү Мидин Алыбаевге таандык “Өс, Ала-Тоом” аттуу ырды мектеп сахнасында ырдап чоңойгонбуз. Азыр эмне иш менен алектенип жатасыз?

– Рахмат. Азыр деле ошол музыка менен алектенип келем. Чыгармачыл адам болгондон кийин, чыгарма менен азыктанып жашабасак, анда бизге жашоонун кызыгы да, маңызы, тузу да кем сыяктанып калат. Андан сырткары, өзүм да балдардын аруу, тунук жан дүйнөлөрүнө эстетикалык азык берүү менен алектенип, Жал айылынын мектебинде вокал ийримин жетектеп жүрөм. Бала бакчаларда балдарга ырдоону үйрөтөм. Балдар менен көбүрөөк иштешип жүргөндүктөн билем да, балдарга арналган ырлар абдан аз. Ошондук-тан, келечекте балдар үчүн көбүрөөк обон жазып чыгарсам деген оюм бар.

–  Музыкалык  аспап  менен  бардык  эле  баланы  достоштурууга болобу?

– Албетте, талант керек. Ансыз, канча кыйноого салып үйрөткөн менен, мойну жар бербейт. Ал эми аспаптарда мыкты ойноп, өздөштүрүп, өнөр адамы болуш үчүн күндө чертип, машыгуу керек. Кадимки эле спортчулар күндө машыккандай, мисалы, пианино чертүүнү үйрөнүш үчүн, күнүнө эки-үч саат чертип аракет кылса мыкты музыкант боло алат.

– Эми өзүңүздүн бала кезиңиз тууралуу кеп кыла кетсек. Бала кезде сиздин жан дүйнөңүзгө таасир эткен, азык берген кимдер болду эле?

– Мен бала кезде айылыбызда жалгыз гармошка болор эле. Ошонун үнүнө куштар болуп, ээсин ээрчип жүрүп укчумун. Кийин гармошкада ойноого кызыгуум артып кетти. Аны үйрөнгөндөн кийин, 5-классымдан баштап аккордеондо ойноону үйрөндүм. Мектептин аккордеончусу болуп, өздүк чыгармачылык ийримине активдүү катышып калдым. Кийинчерээк ата-энем аккордеон алып беришти. Бул мен үчүн укмуштуудай чоң кубаныч болгон. Апам ооз комузда ойночу. Ушунун баары менин музыка дүйнөсүнө баш отум менен берилүүмө себепчи болду окшойт. 1972-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кирип, окуу жайдан кийин Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүн он жыл бою жетектедим.

– Текст менен обондун шайкештиги кандай болуш керек, сиз үчүн обон жаратууда сөздүн мааниси барбы же аны кийин деле кошуп кое бересизби?

– Обондун бир канаты – сөз. Демек, обончу ырдын сөзүн тандоодо абдан кылдат болушу керек. Текст жакшы болсо, обон экөө айкалышып, бири-бирин толуктап, маңызын байытып, көркөмдүгүн ачат.

– Саламат Садыкова сиздин кайсыл ырларыңызды ырдап жүрөт?

– Саламат экөөбүз соңку он беш-он алты жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келебиз. Элдин сүйүктүү ырчысынын өтүнүчү боюнча атайын “Жазга айлантып”, “ Каркырадай учсам дейм”, “Азгырба сүйүү”, ж.б. ырларды жазып бердим.

– Үй-бүлөңүз тууралуу?

– Үч балабыз бар. Жубайым – Сейдалиева  Калипа  да  музыкант.  Бирок  учурда Коомдук телерадиодо журналист, диктор болуп иштейт. Балдарыбыз музыкант болууну  каалашкан  жок.  Бир   неберебизде  музыкалык  талант  бар,  ошону  кенедейинен  музыка  дүйнөсүнө  жетелеп жүрөбүз.