Нарында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

Нарын облусундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-чакырымында “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 14-мартта болжол менен кечки саат 20:30 чамасында катталган. Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Учурда каза болгон айдоочунун өздүгү такталууда.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүнкуткаруучулары тартылып, каза болгон айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.