Ош шаарында жылуулук берүү качан токтой турганы белгилүү болду

Ош шаарына жылуулук берүү 17-мартта токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар башчы Айтмамат Кадырбаев кол койду. Ал ошол эле буйругу менен тиешелүү жетекчилерге жылуулук менен камсыздоочу мекемелерди кийинки жылга даярдоону тапшырды.

Ошто 600гө жакын көп кабаттуу үй жана социалдык мекеме бар. Алардын көпчүлүгүн Ош шаардык жылуулук электр борбору ысытат. Имараттардын айрым бөлүгүн «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасы жылытат.