16-мартка карата аба ырайы

16-мартта Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1 градус болот.