Индияда кыргыз-индус аскердик машыгуусу өтүп жатат

Индияда кыргызстандык жана индиялык аскерлер биргелешкен машыгуу өткөрүп жатат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, аскердик машыгуулар «Канжар — 2018» деп аталат. 14-мартта башталган иш-чара 30-мартка чейин уланат. Ага Кыргызстандын кургактагы аскердик бөлүктөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Эки жума аралыгында кыргызстандык жана индиялык жоокерлер тоолуу шартта мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу ыкмаларын үйрөнөт. Ошондой эле аларга аскердик операциялар тууралуу сабактар да уюштурулуп жатканы кабарланды.

Булак: Азаттык