Качырганын кайсап түшкөн кайран акын

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз төкмөлөрүндө Коргол Досу уулундай тийген жерин шылып түшкөн кылычтай курчтары аз. Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул менен үзөңгүлөш жүргөн, алардын чыгармачылыгын эң мыкты билген бул кишини филармонияга да алып келишкен. Бирок, аны ырда, муну макта деген саясатка моюн сунбаган кайран талант “Сталиндик акынбыз, Сталинге катынбыз” деп туруп, сахнадан түшүп кеткен боюнча кайра кайрылган эмес. Ошол бойдон эл арасында ырдап жүрүп, 62-жылдарды ашып барып көзү өткөн. Кадимки эле кайдыгерлик, өнөр сыйлабаган маңкурттуктун айынан толгон токой күүсү, обондуу ырлары, не бир боор тырматкан тамашалары жазылып калган эмес.

Кыргыз радиосунун «Алтын фондусунда» өзүнүн аткаруусунда жазылган болгону 4 күүсү бар. Кетмен-Төбөсүнө кетип калган Коргоол таптакыр эле унутта калган десек да болбойт. Баарыдан мурда ал өрөөнгө каттаган Калык, Осмонкул, Адамкалый баштаган залкарлар атайы чакыртып алып, тамашасына батып, бир кумардан чыгып алышчу экен. Ошондой тамашасынан бир шиңгил окурмандарга суналы. Аны Корголдун окуучусу, төкмө акын Токтосун Тыныбеков жазып калтырган.

Адамкалый менен Коргол

Кетмен-Төбөгө  барган  Калык  акын баштаган артисттердин тобу, Корголду кошуп алып, пахта талаасында эмгек-чилерге концерт коюшат. Кыякчы, темир комузчу, куурчак ойноткуч Адамкалый Байбатыров кыягын тартып жатканда, астындагы аты үркүп кетип, кыягы колунан ыргып, жерге жөн түшпөй “баап” деп барып түшүптүр. Астындагы аты үрккөн бойдон кыйла  жерге  барып  токтосо  керек.  Кай-рылып келгенде Коргол акын төмөнкүчө ырдаптыр.

Чалпоо аттай кыялың,

Чарчагандай сыягың.

Талп дей түшүп ат үрксө,

Талаада калды кыягың.

Ойноо бала мүнөзүң,

Ат жалында жүрөсүң.

Оозун тарта албасаң,

Обу жок неге минесиң.

Ээсиз жатат кыягың,

Эңкейип алсаң тигине.

Өпкөдөн желиң чыкты бейм,

Өлбөй калдың шүгүр де.

Өткүр ат минип кызыгып

Өңүң турат бузулуп.

Ант урган ат турбайбы,

Артистигиң билбестен,

Ала качкан кутуруп…

Муну угуп турган Калык акындын каткырыгы таш жарды дейт.

Ресторанда

Корголдун өзүнүн окуучусу Өзбек Рысбеков анын “Ресторандагы бир тамашасын” жазып калыптыр. Айтымында Токтогул районунда жаңы ресторан бүткөрүлүп, анын ачылышына райондун активи бүт катышат. Ал жерге Коргол акын да чакырылат. Ошол жерде отурган чоңдордун бири “үйүндө эле отурбайбы, бул эмне жүрөт” деп Корголду ызалантып койгон экен Кокең дароо минтип ырдаптыр:

Эшитсең айтып берейин,

Акындардын чоң жолун,

Шакирти болгон сокурмун,

Токтогулдай жоргонун.

Эшмамбет менен бир жүргөн,

Эриккен элди күлдүргөн,

Тоо булбулу болгомун.

Тоң моюн сендей көпкөнгө,

Кат таанытчу молдомун.

Кадимки акын Жеңижок,

Катарында болгомун,

Калаалуу шаар коргонмун,

Калың элди күлдүргөн,

Кара жаак Корголмун.

Эсебин таппай жүрүпсүң,

Элден алдап тапканды.

Ээн баш кыла көрбөгүн,

Эмдиги өскөн жаштарды.

Укмуштуу соода кылсаң да,

Улуу сөз менен теңдешмин.

Көзүн ачкан мен элем

Сага окшогон көнбөстүн.

Сөз билбеген сендейге,

Өлсөм да намыс бербесмин.

Эсиңе салып эстей жүр,

Эскиден калган кербезмин.

Коргол  ырдап  басылганда  эле  алиги көпкөн неме эшикке чыга качты дейт. Бул сөздөрдө Коргол акындын өзүнүн өнөрдөгү орду да айтылып жатпайбы.