Шайыр жеңе, Анара ШАИМКУЛОВА: «Ак жолтой болушума ак бата бериңиздер»

Жакында “Кыз-жигит Сармерден” оюнуна шайыр жеңе болуп фольклордук ырчы – Анара Шайымкулова тандалды. Ал комузда кол ойнотуп, куюлуштура сүйлөп, ырдап, сахнада өзүн эркин алып жүргөндүгү менен калыстардын жогорку баасына татыды. Долбоордун продюсери Сагын Ниязалиеванын айтымында, кастингге 30га чукул ырчы кыз – келиндер катышкан. Аларды электен өткөрүп, эптүүсүн, шыктуусун жана жеңүүчүсүн аныктаган калыстар тобунун курамында Гүлсүн Мамашова, Шахра Талипова, Адылбек Кыязов баштаган таланттар бар. Ал эми шайыр жеңебиз Анара Шаимкулова калыстардын сынынан сынбай өткөнүнө куштар. Учурда нооруз майрамынын алдында тартылчу Сармерден оюнуна кызуу даярдык көрүүдө. Эске салсак, аталган долбоор Гүлбү Ороскул кызынын каза болгондугуна байланыштуу, өткөн жылдын октябрь айынан бери тартылбай токтоп турган.

– Алгач, сизди шайыр жеңе  болушуңуз  менен куттуктайбыз ,  эже. Кастингден утуп чыгуу оңойго  турбаса  керек? Калыстар тобунун тапшырмалары  менен  талаптары кандай болду?

– Эң негизги талаптар – кыргыздын салттуу өнөрүн билген, түшүнгөн, сөз тапкыч, сөзгө чебер, комузда кол ойното билүү керек болчу. Ар бир катышуучуга ар кандай тапшырмалар берилди. Мисалы, мага калыстар тобун жана өзүмдүн командамды тааныштыруу, эрке бала менен диалог куруу сыяктуу 5 тапшырма берилди. Жакшы даярдык менен баргандыктан, эч кандай кыйынчылык жаралган жок. Кастинг бүткөндөн кийин: “Сага өзүбүз байланышабыз”, – дешти. Кийин дагы эки тур болуп өткөнүн угуп, өтпөй калдым го дегем. Бирок, кудай буйруп шайыр жеңеңер болуп калдым.

– Жеңүүчү болгонуңузду укканда кандай сезимде болдуңуз?

– Аябай толкундандым. Негизи сынакка катышкан кыздардын ар бири жеңүүчү болгонго татыктуу болчу. Бирок, калыстардын мени тандаганына абдан кубанычтамын. Ишеничтерди актоого аракет кылам.

– Нооруз майрамына карата сиздин катышууңуздагы биринчи көрсөтүү даярдалып жатыптыр, кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

– Буюрса жакынкы күндөрү “Кыз-жигит Сармерден” берүүсүндө алып баруучулук боюнча тушоом кесилген турат. Учурда, изденип, китептерди окуп, билбегенимди сурап жатам. Ошондой эле, алып баруучулук жактан Гүлсүн Мамашова эжеден сабак алайын деп жатам. Андан сырткары, көптөгөн адамдар кеп-кеңештерин, акыл-насаатарын айтып жатышат. Өзүм да кээде колума калем кармап, ыр жазып калган жайым бар. Сандыкта катылып жаткан куржундарымды алып чыгып, аңтарып, “багажымды” байытып жатам (күлүп).

– Шайыр жеңенин ордуна отуруу кыялыңызда бар беле?

– Шайыр жеңенин ордуна отуруу, айла жоктун иши болду. Эгерде Гүлзат эжекебиз менен Гүлбү Орозкул кызынын көзү өтүп кетпесе, мындай зарылчылык жаралбайт эле… Сагын эженин эсинде барбы, жокпу билбейм, бирок менин эсимде, бир жолу: “Дагы бир долбоор ачып калсаңыз, мени алып баруучу кылып алыңызчы”,-деп айткам. Анткени, ошол учурда мен ырчылыктан сырткары, өзүмдү алып баруучулук жактан дагы сынап көрүү үчүн жол издеп жүргөм.

– Буга чейин бир эмес эки шайыр жеңебизди жоготуп алдык. Ал арада Сармерденди кара жолтой дегендер да болду. Сизде кандайдыр бир чочулоо, коркуу сезимдери жокпу?

– Жок. Анткени, бардык нерсени жакшыга жорусаң, жакшы болот. Ошондуктан, менде эч кандай коркунуч жок. Сармерден кара жолтой болгон эмес. Кара жолтой деп атоого да мүмкүн эмес. Балким, бирөөлөр ошол учурда чочуп айткандыр.  Балким,  дагы  бирөөлөр ошентип айткысы келип жүргөндүр. Андыктан, кыргыз элиме кайрылат элем. Келиңиздер, менин ак жолтой болушума ак батаңыздарды бериңиздер. Кудай насип этсе, элиме көп жылдар бою кызмат кылайын. Шайыр жеңе болуп карып, кемпир болгончо иштесем деген оюм бар. Ал үчүн менде чыгармачылык потенциал дагы, үй-бүлөлүк колдоо дагы бар.

– Алдыга кандай максаттар менен кадам таштоодосуз?

– Эң биринчи максатым – муундан муунга өтүп келе жаткан кыргыздын салттуу Сармерден оюнун улантуу. Анткени, аны кары-жаш дебей күтүп көргөн күйөрмандар бар. Кырсык, жоготуу болгондон кийин көптөгөн адамдар бул долбоордун келечегине аябай тынчсызданышты. Айрымдары жабылат экен десе, кээ бирлери Сармерден берүүсү улансын дешти. Демек, биз өлгөндөн калган жолду улантышыбыз керек. Анткени, жашоонун мыйзамы ушундай. Тирүү адамдар жашай берет, көч улана берет дегендей. Ал эми шайыр жеңе болуп келгенимди мен, тагдыр буйрук деп түшүнөм. “Боз салкын” фильминде Асемага кайненеси: “Өз башыңа келген тагдырды, буйрукту чын ниетиң менен кабыл алсаң, кийин сага толугу менен өз мээримин төгүп берет”, – деп айткан сонун сөзү бар эмеспи. Ошол сыңары, мен дагы бул нерсени чын ниетимен, чын ыкласым менен кабыл алып, маркум жеңелердин жасабай кеткен иштерин жасайын деген максаттарым бар.

– Телефон чалганымда, кан чыгарып жатканыңызды айтыңыз, ырым-жырымдарга  канчалык

ишенесиз?

– Кыргызчылыкка дагы, динге дагы жакшы көз караштамын. Илгертен бери  келаткан  ырым-жырымдарды кармай,  жасай  жүргөн  эң  жакшы. Мунун пайдасы эле болбосо, зыяны тийбейт.

–  Жашоодо  кандай  жеңесиз? Мүнөзүңүз шайырбы?

–  Ооба,  мен  өзүмдү  шайыр  адамдардын катарына кошом. Ал эми жашоодо кадимкидей эле жеңемин. Кайын журтка барганда, билек түрүп оокат кылам. Жакшылыктар болуп калганда жеңелерим болуп боорсок бышырам. Кайын инилерим, кайын сиңдилерим бар.  Аларды  колумдан  келишинче сыйлайм, жакшы жеңе болуп берүүгө тырышам.

Маектеш тууралуу

Анара Шаимкулова Улушбековна 1978-жылдын 28-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Карамарт айылында туулган.
1985-жылы Абдыкадыр Жапарбаев атындагы мектептин босогосун  аттап,  1995-жылы аяктаган.
2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
1997-2000-ж – “Гүлгүн жаш” элдик тобунда ырчы;
2000-2004-ж  –  Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда ырчы;
2004-2005-ж – “Азадабегим”, “Айтеңир” топторунда солист;
2012-жылдан бери Болот Эдигеев атындагы “Арашан” элдик фольклордук ансамблинин солисти;
Маданияттын мыкты кыз-маткери;
Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыз-дын энеси.