«Ихлас» менен Илмиянов сотко бермей болушту. Чындык кимде?

Вера БЕДЕЛБЕК кызы, «Кыргыз Туусу»


“Ихлас” курулуш компаниясы жана И.Илмиянов, экс-премьер министр Ж.Саты балдиев тууралуу айтылган маалымат  коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Маалыматтын чын төгүнүн билүү максатында аталган компаниянын жетекчилиги менен экс-премьер министрди кепке тарттык. Интернет булактарына “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин “Ихлас”  фирмасы  беш  гектар жерди кантип ээлеп алды?” деген маалымат жарыяланган. Анда «Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан 5 гектар жерди «Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы ээлеп алган жана аталган фирманын артында таасирдүү адамдар турат”, деп айтылган. Маалыматты тактоо иретинде «Ихлас» курулуш компаниясынын каржы боюнча директорунун кеңешчиси Тариэль Эркинбаевге кайрылганыбызда ал «Ихлас» курулуш компаниясын Нурбек Осмонов негиздегенин жана аталган фирманын артында эч кандай таасирдүү адамдардын турбаганын айтты. Ал эми айтылып жаткан жер 5 гектар эмес эле, 2,868 гектар экенин айтуу менен бирге, компания тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болбогонуна токтолуп, мындай сөздөр жалган жалаа экенин айтып, каралоо токтобосо компания мыйзам чегинде сотко кайрыларын билдирди. Ошондой эле Икрамжан Илмиянов менен Жантөрө Сатыбалдиевдин курулуш компанияга эч кандай тиешеси жок экендигин, бул маселенин чындыгын аныктоо максатында алардын өзүлөрүнө кайрылууну сунуштады.

Илмиянов жалпыга маалымдоо  каражаттарына  берген  маегинде  макаланы  жарыялаган сайтты жана жазган журналистти сотко берерин айткан. Ошондой  эле  аталган  компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов да “гектарлаган жер тилкелери мыйзамсыз алынган жана компаниянын артында таасирдүү адамдар турат” деген маалыматты четке каккан.

Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевге “Ихлас” курулуш компаниясы жана И.Илмиянов менен кандай байланышыңыз бар?” деген суроо менен кайрылганыбызда: “Ихлас” компаниясы менен дагы, “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен дагы балдарымдын да, өзүмдүн да эч кандай байланышым жок. Ал эми Илмиянов мени менен чогуу иштеген, мен аппарат башчы болгондо, ал орун басарым, мен өкмөт башчы болгондо, ал биринчи орун басар болуп администрацияда иштеген. Бул маалымат тууралуу ал өзү маек бериптир, маекте айтылган көз карашынын негизинде иш алып барат деп ойлойм”, — деген пикирин билдирди.

Бул  маселе  боюнча  Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Ала-Арча» резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиев мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр кимге жана кантип берилгенин иликтөөнү талап кылган.