Интернетте ӨКМдин кызматкерлери окуучуларды суудан өткөрүп жаткан сүрөттөрү тарады

Интернет айдыңында буттары суу болуп калбасын деп, окуучуларды жонуна көтөрүп, жолдон өткөрүп жаткан ӨКМ кызматкерлеринин сүрөтү интернет колдонуучулар тарабынан алкышка татууда.

Маалыматтарга ылайык, бул сүрөттөр Ош шаарында кечээ, 18-май күнү саат 16:17де катуу, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жаткан учурда тартылган. ӨКМ кызматкерлери менен окуучуларды өтүүсүнө шарт түзүп берип жаткан жол көзөмөлдө кызматынын кызматкери дагы жакшы пикир жаратууда.

ӨКМдин басма сөзүнүн маалыматына ылайык, жаандан улам сел каптап, шаардагы турак үйлөрдү жана социалдык обьектилерди суу каптаган. Сел болгон күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 38 куткаруучусу  имараттарга жана короолорго кирген сууларды сордуруп тазалашкан.  Селден киши жабыркаган эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *