Январь-февралда ИДП 2,7%га өстү
Улуттук статистикалык комитетте өлкөнүн январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктарына арналган пресс-конференция өттү. Анда КР Улуттук статистикалык комитеттин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова 2018-жылдын алгачкы эки айында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 59 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,7%га жогорулаганын белгиледи.
“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 53 млрд. сомду түзүп, 3,3%га өскөн. Өнөр жай продук-цияларынын көлөмү 35 млрд. сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 5,4%га жогорулаган. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү, текстиль өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн 2,3 эсеге, кийим-кече өндүрүшүнүн 44,6%га, резиналык, пластмассалык жана башка металл эмес буюмдардын 36,5%га жана мунай продуктуларынын өндүрүшүнүн 25,8%га өсүүсү менен камсыздалган. Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен кам-сыздоо 12,7%га өскөн.
Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында өткөн айга салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,4%ды түзгөн. Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалар 1%га жогорулаган.
Баалардын жана тарифтердин тамеки заттарына жана алкоголдук ичимдиктерге 5%га, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө 3,4%га өскөндүгү байкалган. Азык-түлүктүк эмес товарларга баалар 0,2%га төмөндөгөн.
Январь-февралда керектөө баалары-нын жана тарифтеринин эң көп өсүүсү Нарын облусунда байкалган, ал жакта башка аймактарга салыштырмалуу тамак-аш продукту жана алкоголсуз ичимдик баалары 3,8%га, кызмат көрсөтүү баасы 4,4%га өскөн. Ошол эле мезгилде, баалардын төмөндөөсү Баткен облусунда (0,8%га) сакталган. Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары Талас облусунда (8%га), азык-түлүктүк эмес товарлар Ош облусунда (1,2%га) кымбаттаган. Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдын январында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 489 млн. АКШ долларына жакынды түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 45,3%га өскөн. Ошону менен бирге, экспорт 25,6%га, ал эми импорт – 52%га жогорулаган.
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Эльмира Тургунбаева өткөн жылдагы Кыргызстанда айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Айыл, токой чарба жана балык уулоо продукцияларынын дүң чыгарымы 2017-жылдын январь-декабрында 207 млрд. сомго жакынды түзүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,2%ды түзгөн. Чыгарылган продукциянын жалпы көлөмүндө жарандардын дыйкан (фермердик), өздүк чарбаларынын үлүшү 96%га туура келген. Айыл чарбасынын жалпы продукциясы, мал чарба продукциясын өндүрүүнүн жа-на өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын өсүүсү менен камсыздалган.