Кой чарбасын кор кылган Кыргызстан, Кытайды багынткан кыйырдагы Монголия

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Монголия 2018-2022-жылдарга карата кашемир продукциясын өндүрүүнүн төрт жылдык планын кабыл алып, анын экспортун 5,7 пайызга көтөрүүгө киришти. Башкача айтканда, даяр продукцияны чыгарууну 60-70 пайызга жеткирүүнү максат кылышууда.

Мал чарбасынан мантыккан Монголия

Бул үчүн Монголиянын өкмөтү уставдык капиталы 500 миллиард тугрик (209 млн. доллардан ашуун) турган кашемир өндүрүү фондун түзүп, ал аркылуу кашемир продукциясын өндүргөн ишканаларды колдоону чукул колго алышты. Монголия менен Кыргызстандын окшоштук жактары көп. Бизде айыл чарбасын негизинен эки багытта (дыйканчылык, мал чарбачылык) өнүктүрүп келебиз. Ал эми Монголия табигый шартына жараша бир гана мал чарбачылыгын өнүктүрүп келет. Өндүргөндө да кандай? Мисал келтирсек 2017-жылы Монголия Кытайга 5400 тонна жуулган кашемир жөнөтүптүр. Бул чийки продукция түрүндөгү бардык кашемир өндүрүшүнүн 60 пайызын, ал эми кашемирден түшкөн кирешенин 54,3 пайызын түзгөн. Алтургай Монголия кашемир өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыккан же болбосо Монголиянын минералдык эмес экспортунун 40 пайызын ушул кашемир түзөт экен. Буга байланыштуу Монголиянын президенти Хал-тмаагийн Баттулга кашемир өндүрүшүн колго алган «Cashmere Holding LLC» компаниясына барып эмне дептир дебейсиздерби? “Мен кашемир өндүрүшүнүн келечегин көрүп турам. Бул завод бир мезгилде чет өлкөдөн жардам жана инвестиция күтүп экономикалык жактан сазга батып келди. Мен Монголиянын банкта-ры жана өкмөт менен сүйлөштүм. Эми жардам беребиз”, – дейт ал. Ошону менен Монголия жер жайнаган кой-эчкисинин үзүрүн көргөнү жатыптыр.

Биз качан өнүгөбүз?

“Кулак укса, курсак кайнайт” дейт кыргыз.  А  биздечи?  Чындап келсе мал чарбачылыгы Кыргызстандын таянычы экени талашсыз. Кылымдар бою далай кыйын кезеңдерде элибиз дал ушул төрт түлүк малынын аркасы менен оокат кылып келгенин ким танат? Бүгүнкү базар шартына келсек, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу, ВСП+ преференциясы өлкөбүздүн мал чарбачылыгын өргө сүйрөп чыгууга эң мыкты шарттарды түзгөнү менен мал чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларыбыздын мажүрөөлүгү көзгө урунат. Анын ичинде жүндү кайра иштетип чыгаруу ишканалары да бар.

Аргасыздан эстебей кое албайбыз, союз кезинде жалаң жумурткадай аппак 10 миллиондон ашык, уяң жүндүү кою бар Кыргызстан дүңгүрөп, кой чарбачылыгы боюнча союзда үчүнчү орунда турчу. Ошол 10 млн. койдун жүнүн бир эле  Токмоктогу  жүндү кайра  иштетүүчү  ишкана (ПОШ) күндүр-түндүр иштетип, жөнөтчү жагына жөнөтүп турар эле. Ал кездеги Камволдук-кездеме токуучу фабрикасы, терини кайра иштетүүчү заводдору баштаган гигант ишканалар бүтүндөй өлкөнүн жеңил өнөр жайын кыймылдатып  турчу.  Мезгил ушуларды калыбына келтирип,  толук  кандуу иштетүүнү талап кылууда. Ансыз айтылып жаткан “Аймактарды  өнүктүрө” албайбыз.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө 6 млн. 77 миң кой-эчки бар. Мунун ичинен канчалаган муундардын (чабандардын, бүтүндөй элет элинин, адистердин), академик М.Н.Лущихин баштаган илимпоздордун эмгеги менен мал болгон, кадимки уяң жүндүү меринос койлорунун саны абдан эле аз. Тактап айтканда, асыл тукум кой заводдорунда сакталып калганы 15 миңди, ал эми жеке жарандардын колундагылары 120 миңге жакынды түзөт. Бул өтө өкүнүчтүү. Мынчалык сандагы уяң жүндүү койлор менен кездеме өндүрүү жаатында жыргатып эч нерсе кыла албайбыз.

Кайдасың көздөн учкан кооператив?

Азыр бүткүл дүйнөдө натуралдык кездемеге болгон таңсыктык күн сайын өсүп баратат. Ага ылайык монголдор “жердеги алтындан, малыбыздын жүнү кымбат” деген саясатты алып барууда. Бул жагынан бизге да ойлоно турган мезгил келди. Демек, Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрөбүз, элеттеги элдин турмушун көтөрөбүз десек, көрөңгөгө жарачудай болгон 3 мамлекеттик асыл тукум кой заводдорун (Таластагы М.И.Лущихин атындагы асыл тукум кой заводу, Жети-Өгүз районундагы “Оргочор”, Кара-Суу районундагы“Катта-Талдык” заводдору) өнүктүрүүгө бүт күч аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин оюбузча бул үчүн уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү меринос койлорун өстүрүүгө адистешкен кооперативдерди түзүшүбүз зарыл.

Негизи  эле  учурда  майда  дыйкан-фермердик чарбаларын кооперативдерге айландыруу маселеси курч бойдон калууда. Анткени, аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдерди түзмөйүн мамлекеттик масштабда иш жарытылуу жүрбөйт. Бир-бирине байланышкан, бир тармагын экинчиси (дыйкан-фермердик) сүйрөп кете турган ири кооперативдер, кайра иштетүүчү ишканалар аба-суудай керек болуп турат.

Кооператив демекчи, дүйнөлүк тажрыйбага көз салсак Япониянын бир гана күрүч өндүрүүгө адистешкен 1200 кооперативинин 4,78 млн. мүчөсү бар экен. Анын бүткүл дүйнө боюнча ишин алып барган кызматкерлеринин саны эле 8000 миң кишиден ашат. Бул кооперативдер айыл  чарба  тармагынын  бардык  сег-менттерин – күрүчтү өндүргөндөн ири логистикалык борборлорду куруу жана эл аралык трейдингдерге алып чыкканга чейинки бардык жумуштарды өздөрү жүргүзүшөт. Өздөрүнүн банкы бар. Жыл ичиндеги айлануу каражаты 48,7 млрд. доллар.

Айыл чарба кооперативдери өспөй эле кыскарууда

Айыл чарба кооперативдерине келсек, атайын каражат бөлүп, кайра иштетүү тармагын жөнгө салсак эле, эл кызыгат. Бизде кызыкмак түгүл түзүлгөн кооперативдердин саны кыскарып жатыптыр. “ИА «24.kg» маалымат агенттигине (2017-жылдын 11-апрели) шилтеме жасасак, миңден ашык айыл чарба кооперативдеринен кыскарып отуруп – 442си гана калыптыр. Мунун башкы себеби – дыйкандардын өздөрүнүн жер үлүшүн жалпы үлүшкө кошкусу келбей жаткандыгы. Ырас, эгемендиктин эртеси эле энчиси колуна тийип, чийден тышкары калган биздин дыйкан-фермерлерибиз өз киндигин өздөрү кесип, көпчүлүгү буттарына туруп алышты. Алар дагы бир чукул өзгөрүүлөргө, кооператив аталган жамааттык чарба жүргүзүүнүн жаңы формасына даяр эмес. Мамлекет – айылчарба кооперативдеринин артыкчылыгын жеткиликтүү түшүндүрүп, каржылык колдоо көрсөтүп, базар шартындагы туура багыттарын аныктап бере албай жатат.

Каралбай калган, өрттөлүп жаткан кара койдун жүнү

Сөз  башына  келсек  кашемир-дүйнөгө  белгилүү  (койдун  жүнүнөн, эчкинин тыбытынан жасалат) кездеме. Көрүнүп тургандай бизде уяң жүн жетишсиз, бирок 6 миллиондон ашык кара койдун жүндөрүн (бир кили 5 сомго араң чыгат) фермерлер жүз миң тонналап өрттөп жатышпайбы. Союз кезинде кара койдун жүнүнөн чабандар үчүн боз үйлөрдүн кийиздери жасалчу. Мындай кийиздер азыр деле өтүмдүү. Айтор кайра иштетсе кантип эле кара койдун жүнү ишке жарабасын? Жарайт! Өкүнүчкө жараша биздин өндүрүшчүлөрүбүз менен илимпоздорубуз эриш аркак иш алып барбай калганы качан? Учурда ушул жерден жол таап кеткендер бир эле жылда миллионер эмес, миллиардер болгону турат. Анткени кара койдун жүндөрүн алам дегендерге дээрлик бекер карматканга баары эле даяр.