Азия чемпиону Акжол МАХМУДОВ: «Менин жеңиштериме атамчалык эч ким сүйүнө албайт»

Жакында болуп өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Акжол Махмудов алтын медалды жеңип, 18 жашында Азиянын чемпиону болду. Анын жеңиши тууралуу ЖМКлар байма-бай чагылдырып берип турушту. Бирок, чемпионат аяктагандан кийин Акжолдун өлкө намысын коргоп, желегин желбиреткендиги үчүн ыраазычылык кат, же белек алганын байкаган жокпуз… Жеңиштен кийинки сезимдери, ойлору, максаттары тууралуу билүү үчүн, Акжолду сөзгө тарттык. Биздин маек балбандын балалыгы тууралуу башталды. А.Махмудов Ош облусунун Араван районуна караштуу Жданов айылында 1999-жылы 15-апрелде жарык көргөн.

Жигит болсоң, шок бол

–Жакын туугандарым менин жанда жок шок болгонумду көп айтышат. Эрке болчусуң дешет. Мени бала-бакчага алып барыш, эртең менен тургузуш өзүнчө эле машакат болгон экен. Эң кызыгы башка балдар, бакчада уктагандан качышса, а мен уктаганга барчу экемин. Ошол кездеги кылык-жоруктарымдын бардыгын атамдын карындашы айтып берет. Анткени, бизди кичинебизден Курсанай эжем карап, атама жардам берип багышты. Тамагыбызды жасап, кийимдерибизди жууп, биздин түйшүгүбүздү атам менен кошо тартты. Балалыгым бактылуу өттү деп деле айта албайм. Бир убакта айылда жашадык, кийин Ош шаарына көчүп келдик. Ошто жашап жүргөндө эмнегедир бизди эшикке чыгарчу эмес. А биз болсо сыртка чыгып, короодогу балдарга кошулуп ойногубуз келчү. Бирок, ойной алчу эмеспиз. Магазинге барып келели же таштанды ыргытып келели деп шылтоолоп гана чыгып келчүбүз…

Сырдашым Сыймык байкем

–Бизди мектепке да Курсанай эжем алып барган. Бизди дегеним, менден 2 жаш улуу байкем Сыймык экөөбүз бир класска барганбыз. Ал бир жыл кеч, мен бир жыл эрте окудум. Азыр канчанчы партага отурганыбыз эсимде жок. Бирок, байкем экөөбүз дайыма бирге отурат элек. Сабакка чогуу даярданабыз, чогуу барабыз, кайра чогуу келебиз. Ошондой болгону менен Сыймык байкем менден жакшы окуду. Кийин атам бизди күрөшкө катыштырып койду. Машыгууга да ээрчишип барып келебиз. Ошол себептенби, мен Сыймык байкеме жакын болуп өстүм. Азыр да анча-мынча сырларымды, ойлорумду ушул агам менен бөлүшүп, кеңешем.

Жданов айылындагы Джеки Чан менен Брюс Ли

–Биз кичине кезибизде Джеки Чан менен Брюс Линин кинолорун көрө берчүбүз. Мен Джеки Чан, Сыймык байкем Брюс Ли болуп алчу. Бир күнү кино көрүп отурсак, атам эшиктен кирип келди. Бизди карады да: “Кечке жата бересиңерби, андан көрө күрөшкө катышкыла. Чемпион болгула. Силер менен мен да сыймыктанайын”, – деди.

Азыр эстесем, ошондо Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев Пекин Олимпиадасынан бири күмүш, бири коло медаль утуп келип, теле, радио, гезит бардыгы ошол байкелер тууралуу жазып жаткан учур экен. Атам эки чемпионду мисал кылып, бизди спортко үндөп, шыктандырып, кызыгуубузду ойготуп койду.

Атамдын таанышы бизди 2 жыл спорт залга ташыды

–Ошентип, улуу агам экөөбүз 2 жыл такси менен спорт залга каттап жүрдүк. Көрсө, атам бизге кичинебизден аябай жакшы шарттарды түзүп бериптир. Өзү эртеден кечке жумушта болгондуктан, бизди залга алып барып, алып кетүүгө убактысы жетчү эмес. Ошол себептен, бизге атайын машина жалдап берчү экен. Атамдын таанышы бизди 2 жыл бою ташыды. 3-класс болгондо эжем атамды урушуп жүрүп, бизди жөө каттаттырып койду. 5 жыл өзүбүз барып келип, машыктык. Ар кандай турнирлерге катышып жүрдүк. Анан 8-класста окуп жүргөндө шаарга көчүп келдик. Ошондон бери Бишкекте батирде жашап келатабыз.

Жеңиштеримди атама арнайм

–Оштон Бишкекке келгенибиздин жалгыз себеби да спорт болгон экен. Атам балдарына карап, жакшы окусун, жакшы билим алсын, үйрөнсүн деген экен. Атабыз да спортко абдан жакын киши. Эгерде, учурунда ага турмуштук шарты жол берип, колдоо болгондо, атамдан мыкты спорт чебери чыкмак. Ошондуктан: “Менден чыкпа-са дагы, балдарыман чыксын”, – деп болгон дараметин бизге жумшап келүүдө. Ушул убакка чейин мени атам бир да жолу жумушуна, базарга чакырган эмес. “Жетишпей жатам, жардамың керек болуп жатат”, – деп айткан эмес, иштеткен эмес. Мына ошондуктан, мен бардык жеңиштеримди атама арнайм. Анткени, билем, менин ийгилигим үчүн атам сүйүнгөндөй эч ким сүйүнө албайт. Атам кубангандай эч ким кубана, жетине албайт.

Атамдын мээрими, сүйүүсү баарыбызга жетиштүү

– Биз 5 бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн. Менден улуу 2 агам бар. Бексултан жана Сыймык. Экөөнүн тең спортто жараткан ийгиликтери бар. 2 карындашымдын бири Зульфия 8-класста, Бегимай 5-класста окуйт. Кудайым берген кыздар. Азыр үйдөгү жумуштарды бүткөрүп, биздин тамак-ашыбызды белендеген ушулар. Тамакты да даамдуу жасашат. Спорт залдан чарчап барганда, сумкам бут чечкен жерде эле калып калат. Кийимдеримди айттырбай жууп, кургатып, бүктөп кайра ордуна салып коюшат.

Апам кичүү карындашым төрөлгөндөн көп өтпөй эле биздин жашообуздан кетип калган. Ал адам тууралуу эч нерсе айткым келбейт… Атамдын мээрими, сүйүүсү баарыбызга жетиштүү.

Жеңиштин даамы

–Акыркы  жеңишим  тууралуу айтсам,  мен  бул  беттешке өзүмдү болушунча даярдадым. Машыктым. Ашыкча күч, ашыкча энергия коротпош үчүн Ирандагы турнирге да барган жокмун. Азия чемпионатында алтын медалга бар күчүмдү жумшадым. Өзүмдү да ошого даярдагам. Утам деген ишеничте болгом. Кээде, өзүңө болгон ишенич дагы роль ойноп коет. Финалга чейинки атаандаштарымды оңой эле жеңип алдым. Ал эми чечүүчү беттеште өзүмдөн 10 жаш улуу Демеу Жадыраев деген балбан менен кез келдим. Бир аз чочулоо болду. Себеби, ал өткөн жылы чоңдор арасында дүйнө чемпионатында күмүш тагынса, мен жаштар арасында күмүш тагынгам. Бирок, күйөрмандарымдын жеңишти күтүп жатканын ойлоп, максатымдан тайган жокмун…

Жеңилүүнүн ызасын узак тартам

–Беттешке чыгар күнү эртең менен сөзсүз эки рекет намаз окуп, кудайдан жардам сурайм. Негизи дайыма окуп туруш керек. Бирок, азыр керек маалда гана окуп коюп жүрөм. Буюрса 5 маал окуган күнгө да жетербиз. Мен жеңилип калган учурда де-прессияга түшүп калам. Жеңилүүнүн азабын узак тартам. Андан чыгууда да мага куптан намазы жардам берет. Өзүмдү алаксытуу максатында, Кыргызстандын тарыхын, хадистерди, ар кандай афоризмдерди окуйм. Айтор, көптө барып өз калыбыма келем. Жашоодо жөнөкөй болгонго аракет кылам. Башың асманга жетсе дагы, бутуң жерде экенин унутпа деген принципти кармайм.

Машыктыруучуларыма таазим

–Мен мындай жетишкендиктерге жалгыз өзүм эч качан жетише албайт болчумун. Мен көп агайлардан сабак алдым. Чү дегенде эле Айбек деген агайдын колуна баргам. Кийин Акбаралы агайдын колуна өттүм. Бишкекке келгенде Жеңишбек Сатыбалдиевде тарбияландым. Ал киши мага көтөрүп чабуунун ыкмаларын аябай жакшы үйрөттү. Ушул агайым көп эле шакирттерди даярдады. Эмгек сиңирген машыктыруучу деген наамды алганга татыктуу эле. Эмнегедир берилбей келет… Ал эми 8-класста Шералы Сыдыков атындагы спорт мектепте Мейрамбек Ахметовдун колуна келдим.

Ушул жерден күрөш эмне экенин түшүнүп, көзүм ачылды. Алгач 1 жылдай өзүмдү жакшы көрсөтө албай жүрдүм. 9-классымда аябай катуу машыга баштадым. 10-классымда күрөштү сүйдүм. Талбаган аракеттин аркасы менен аздыр-көптүр ийгиликтерди багындырдым. Албетте, бул үчүн машыктыруучум Мейрамбек агайга миң ирээт рахмат айтам. Мейрамбек Ахметовдун окуучусу болгонума аябай сүйүнөм. Ким билет, башка машыктыруучунун колунда жүрсөм мындай жыйынтык көрсөтө алар белем…