Бишкек мэриясы Ноорузга 1 миллион сомдон ашуун акча коротот

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча коротот. Бул тууралуу шаардык бийликтин Маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев билдирди.

Анын айтымында, акча Ала-Тоо аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана шөкөттөө иштерин аткарган жумушчуларга берилет.

21-мартта күндүз Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган концерт болот. Андан тышкары, конуштарда да майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, улуттук оюндар көрсөтүлөт.

Мэрия быйыл Жаңы жыл майрамына карата Бишкек шаарын жасалгалоо үчүн 15 миллион сомдой каражат сарптаган.

Булак: Азаттык