20-мартка карата аба ырайы

20-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-15…-20, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 21…23° жылыйт.