Кыргызстандыктар апрелде төрт күн эс алат

Кыргызстандыктар апрель айында төрт күн эс алат. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомунда айтылат.

7-апрель — Элдик Апрель революция күнү ишембиге туш келгендиктен, дем алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат. Ага ылайык беш күндүк график менен иштегендер 7-8-9-апрелде эс алышат.

Ошондой эле дем алыш күндөрүн натыйжалуу колдонуу максатында ишемби, 28-апрелдеги дем алыш күн 30-апрелге которулат. Ага ылайык, кыргызстандыктар үч күн катары менен 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алышат.

Булак: Спутник