SOS!!! Бишкек. «Ала-Тоо» конушу. №82 мектеп. Ким күнөөлүү?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Абалың кандай, мектеп?

Курулганына үч жыл болбой жатып, спорт залынын, конференц залынын, айрым класстык бөлмөлөрүнүн полу чөгүп, авариялык абалдын алдында турган Бишкектин “Ала-Тоо” конушундагы №82-мектептин айланасындагы окуядан улам, “өлкөнүн мектептериндеги абал кандай, мектеп имараттарынын техникалык абалы коопсуздук талаптарына жооп береби, мектептин долбоордук сыйымдуулугу (канча окуучулук орунга эсептелгени) менен анда окуган окуучулардын саны дал келеби?” деген суроолор өзүнөн-өзү пайда болот.

Жашырганда эмне, өлкөнүн мектептериндеги абал өтө оор. Айталы, өлкөдөгү 2222 мектеп болгону 600 миң окуучулук орунга ылайыкталган. Арийне, анда учурда 1 миллион 176 миң окуучу (2017-жылдагы маалымат боюнча) билим алат. Бул сан өлкөнүн мектептеринде долбоордо көрсөтүлгөн сыйымдуулугунан эки эсе көп окуучу окуйт, демек анын өзү мектептердин техникалык абалына терс таасирин берет дегенди билдирет. Эми мектеп имараттарынын техникалык абалы тууралуу эки ооз сөз. Бүгүнкү күндө мына ошол 2222 мектептин 193 мектеби авариялык абалда. Окуу мекемелеринин арасында курулганына 127 жыл болгон мектеп да бар экени ойлонто турган маселе. Бул 193 мектептин 14ү Чүйдө, 24ү Нарында, 24ү Жалал-Абадда, 51и Ошто, 14ү Таласта, 42си Ысык-Көлдө, 15и Баткенде, төртөө Ош шаарында, төртөө Бишкекте.

Бишкек. “Ала-Тоо” конушу. №82 мектеп

Өлкөнүн облустарын мындай кой, борборубуз Бишкекте да абал оор: 74 500 окуучуга эсептелген 95 мектепте 137 миңдин тегерегинде окуйт. Бишкектеги 95 мектептин 14ү 1924-1940-жылдарда курулса, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин жана советтик мезгилде 59 мектептин имараты курулган. 22 мектептин курулушу эгемендүүлүк жылдарга туура келет. Эми ошол 95 төртөө: №№44, 25, 10, 28 мектептер авариялык абалда деп эсептелет. Эми бул авариялык абалдагы 4 мектептин катарын курулганына 3 жыл толуп, толо элек №82 мектеп толуктап калышы ыктымал.

“Ала-Тоо” конушунда 1996-жылы 350 окуучулук орундуу №82 мектеп ачылган. Айта кетчү нерсе, конуштагы 14 миң жашоочунун балдар-кыздары гана эмес, кошуна “Ак ордо” конушунан да келип окушкандыктан, көп жылдар өтө жаңы мектеп куруу зарылдыгы келип чыккан. Ошентип, 2005-жылы “Ала-Тоо” конушунда 754 окуучулук орундуу мектептин курулушу башталган.

Курулушчулар эмне дейт?

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бизге берген кыскача маалыматы мындай: 2005-жылы Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы “Ала-Тоо” конушунда 754 орундук мектепти баштаган. Тендердин негизинде бөдрөтчү курулуш уюму болуп “Эрбак” ЖЧКсы таанылат. 2008-жылы мектептин долбоордук сыйымдуулугу өзгөрүп, 1200 окуучулук орунду түзгөнүнө байланыштуу “Эрбак” ЖЧКсы менен келишим бузулуп, кайрадан тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында “Строй-Текс” ЖЧКсы бөдрөтчү уюм болуп калат.

Анан  КР  Президентинин  06.09.2012-ж.  №09-90-12860  тапшыруусу  боюнча, КР  Өкмөтүнүн  06.08.2012-ж.  №391-,  от 01.02.2013-ж. № 24-б буйругуна ылайык, бул имарат Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай-жарандык курулуш департаментине берилет. Аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүүнүн жүрүшүндө долбоордук чечимдерге шайкеш келбеген жу-муштар аткарылганы белгилүү болот. Кыргыз НИИП институту тарабынан аныкталган кемчиликтер 02.10.2012-ж. техникалык корутундуда чагылдырылат. Анан КР Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-ж. жана 2013-жылдагы макулдашууларга ылайык, мектеп долбоору 500 окуучулук орунга ылайыкталып, кайра иштелип чыгып, башкы бөдрөтчү уюм болуп “СМУ-3” ЖЧКсы табылат. Аталган агенттиктин турак-жай-жарандык курулуш департаменти тараптан имараттын сметалык наркы 197 000,0 миң сомду түзөт.

“Эрбак” жөнүндө эмнелерди билебиз?

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Эрбак” ЖЧКсынын ортосунда “Ала-Тоо” конушунда мектеп куруу тууралуу түзүлгөн келишимге ылайык, аталган курулуш компаниясы 2005-2008-жылдарда 4 802 724 сомдук жер пайын түптөө иштерин аткарган. Бирок ошол мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга караганда курулуш иштери тартип бузуулар менен коштолгон, дегеле сырттан караган адамга курулуш баштала электей элес калтырган. Сыягы, мектеп үчүн бөлүнгөн каражат бармак бас-ты, көз кысты болуп кеткен сыяктуу. Ошол жылдарда “Эрбак” ЖЧКсы бир топ чуулгандуу иштерге катышы болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Ал өзүнчө сөз, ал темага кийинчерээк кененирээк кайрылсак болот. Эмнеси болсо да, иштин чоо-жайын аталган компаниянын өзүнөн тактайлы деп, алардын катталган дарегиндеги телефондоруна чалып көрсөк, айрым телефондору иштебесе, башка номерлерин башкалар алды.

“Строй Текс” ЖЧКсынын артында кимдер турат?

№82 мектепти улантып кургандардын кийинкиси “Строй Текс” ЖЧКсы, директору Алмаз Кыдыров. Бишкек шаардык кеңешине депутат Эрнис Докенов 2013-жылы “Общественный рейтинг” гезитине берген маегинде бул курулуш компаниясы кандайча бөдрөтчү болуп калганына таңгалганын жашырган эмес. Кыскасы, Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Строй Текс” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аталган курулуш компаниясы 2008-2012-жылдардын аралыгында шаардык бюджеттин акча каражаттарынын эсебинен 61 156 457 сомдук курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. Бирок, канча миллион сомго аткарганын бир Кудай билет, 2013-жылы КР Эсептөө палатасы тарабынан 7 532 900 сом өз максатында пайдаланылбаганы жана уурдалганы аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан иш козголот. Арийне, иш аягына чыктыбы, күнөөлүүлөр жазасын алдыбы, ал тууралуу маалымат жок.

Окуучуларга берилген убада

2013-жылдын  3-сентябрында ошол  учурдагы  президент А.Атамбаев №82 мектепте болгондо: «Мен үчүн №82 мектеп жакын болуп калды. Кийинки окуу жылында да ушул жакка келем, анткени менин сиздердин алдыңыздарда карызым бар — бул жаңы мектептин курулушу. Өткөн жылы, жаңы мектептин курулушу улантыларын убада кылгам. Мектеп Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевден бөлүнгөн каражаттарга курулат», – деп мектептин курулушун бүткөрүүгө убада кылган жана мектеп курулуп бүтүп, ачылыш салтанатына А.Атамбаев өзү катышкан.

Мектеп бүттү. Анан…

Кыскасы,  2005-жылы  пайдубалы түптөлгөн мектептин курулушу 2014-жылы аяктап, Нооруз күнү ачылышы болгон. 7 жыл бүтпөй токтоп турган мектеп имаратынын кыска аралыкта сапаттуу бүткөнүндө, “СМУ-3” курулуш компаниясы мамлекеттик тапшырманы абийирдүүлүк менен аткаргандыгында маселе жок. Аны КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги да ырастап, “Ала-Тоо” конушундагы мектеп бардык архитектуралык-инженердик талаптарга ылайык бүткөрүлгөн деп эсептейт. Андай болгондо мектептин спорт залынын, конференц залынын, айрым класстык бөлмөлөрүнүн полу эмнеден улам 10-20 см. түшүп кеткен? Аталган агенттиктин адиси Кушбак Жайчиевдин айтымында, учурда 500 окуучуга эсептелген мектепте 1500-2000 тегерегинде окуучу окуйт. Маселенин баары ушундан келип чыккан. 750 окуучуга эсептелип курулган 55м3 саркынды суулар топтолгон жай ар бир 24 күндө бир жолу сордурулуп, тазаланып турушу керектигине карабастан, өз убагында тазаланган эмес. Ошондон улам полдун астына саркынды толуп, пол ылдый түшүп кеткен. Анын айтымында, бул үчүн мектеп жетекчилиги күнөөлүү. Чекчейтип бүткөрүлүп берген мектепти ойдогудай уруна албаса, сөз менен жеткирип түшүндүрүү мүмкүн эмес”, – дейт курулуш адиси.

Министрлик эмне дейт?

Билим берүү жана илим министрлиги-нен түшүндүрмө алууга мүмкүн болбоду. Антсе да, 2017-жылдын 4-августта Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн биринде “Ош шаарындагы Назарбаев мектеби эмне үчүн сапатсыз курулуп калды” деген суроого Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы: “Казакстан бөлгөн каражаттарга Назарбаевдин бир мектеби курулушу керектигин, анын ордуна ал каражаттар Бишкектеги “Ала-Тоо” жаңы конушу менен Ош шаарына эки мектеп куруу үчүн экиге бөлүнүп кеткенин” балп эттирип айтып алганы эсибизде. Ошондо министрлик ошол эле күнү расмий билдирүү жасаганча шашкан. «Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өкмөттөр аралык 2013-жылы 11-апрелдеги келишимдин алкагында Казакстан өкмөтү 1 млрд. 200 млн. 800 миң теңге бөлүп берген. Каражаттар эки мектептин курулушу жана ага чектешкен аймактарды көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн. 550 орундук мектептердин бири 2014-жылы Бишкектеги «Ала-Тоо» турак жай массивинде салынып, пайдаланууга берилген. Экинчи мектеп Ош шаарында курулган. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, курулуштун жүрүшүндө табылган тартип бузуулар бөдрөтчү тарабынан четтетилди» делген министрлик тараткан билдирүүдө.

Эми бул жолу №82 мектеп жетекчилиги күнөөлөнүп жатканда, министрлик эч кандай түшүндүрмө бербей, баарын КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине оодара салып четтей бергени кызык! Бул 1 миллиондон ашуун окуучунун тагдырынын жоопкерчилигин өз мойнуна алган министрликке абийир апкелбеси бышык.

Эрнис Докенов эмне дейт?

№82 мектептин курулушунун сапатсыздыгы, миллиондогон акчалар желип кеткендиги, мектептин авариялык абалда экенин жашырып шаар жетекчилиги президентти алдап жаткандыгы тууралуу алгачкылардан болуп коңгуроо каккан шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов болгон. Ал “Общественный рейтинг” гезитине 2013-жылдын 3-мартында берген маегинде: “В мае 2008 года по непонятным причинам ОГУКС разрывает договор с ОсОО «Эрбак» и заключает договор с новым подрядчиком ОсОО «СтройТекс», которое продолжило строительство. Невероятно, но факт: за якобы качественно произведённые строительно-монтажные работы с мая 2008 года и до сентября 2012 года ОсОО «СтройТекс» получило из республиканского и местного бюджетов 61,2 млн. сомов. Теперь же выясняется, что школа не только не достроена, она уже сейчас в полудостроенном состоянии относится к аварийным! Приведу лишь малую часть из сотни нарушений, выявленных Технадзором ДЖГС ГАС и РР (Департамент жилищно-гражданского строительства при Госагентстве по строительству и региональному развитию) при Правительстве КР: здание школы несейсмостойкое, дверные оконные проёмы, балки, плиты перекрытия выполнены с отклонениями от строительных норм, местами поверхность колонн, ригелей и перемычек выполнена из рыхлой структуры (а должно быть из железобетона), в кладке стен и перегородок применен кирпич на солончаках, кирпичные перегородки выполнены без каких-либо креплений, при небольших вибрациях или ветре качаются, имеются смещение колонн с осей, прогибы плит, трещины, штукатурка глиняная, в главных и второстепенных балках в нижнем сечении внутренние пустоты заполнены обломками кирпичей и другими инородными материалами (фанера, мешковина и др.) и т.д. и т.п. По словам местных жителей, работы выполнялись не специалистами-строителями, а разнорабочими, привезёнными с «биржи труда» деп агынан жарылган шаардык кеңештин депутаты: «…боятся всю правду доложить Президенту, потому как понимают, что за всеми нарушениями стоит мэрия во главе с Исой Шейшенкуловичем» деп көп нерсени ачыктаганы белгилүү. Бирок, ал маалыматтар ошол кездеги Президентке жетпесе керек.

Ким күнөөлүү?

Ошентип №82 мектептеги абал үчүн күнөөнү мектеп жетекчилигине эле оодара салуу да туура эмес. Мектептин курулушунун буюртмачысы Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан күнөөнү алып салууга болбойт. Кыскасы, бул  окуя  боюнча  мамлекеттик  комиссия түзүлүп, күнөөлүүлөр так аныкталып, ар бири күнөөсүнө жараша жазаларын алууга тийиш. Биерде кеп бир гана №82 мектеп тууралуу сөз жүрүп жаткан жери жок, КР Өкмөтүнүн Казакстан  Республикасынын  алдындагы кадыр-баркы жана бедели тууралуу сөз жүрүп жатат.