Булганган аба, ысык асфальт, тыгын. Жайдын аптабында Бишкек кандай болот?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Бишкек шаарында жолдордун массалык реконструкциялоо болуп жатканы шаар элин кубандырбай койбойт. Анткени, шаар жолунда пайда болуучу тыгындар тургундардын көкөйүнө көк таштай тийип келет. Өзгөчө жайдын аптабында тыгында туруу кандай оор экенин ар бир автоунаа ээси билсе керек. Анткен менен “тыйындын эки тарабы бар” дегендей, жолдордун жасалып жатышынын кубанычы менен бирге эле нааразычылык да жарата турган маселе бар. Жолду кеңейтип салуу, тротуарларды чоңойтуу максатында мурда тигилген бактарды кыйууга туура келүүдө. Алардын ичине эскилиги жетип, бир аз катуурак шамал болсо, жарандардын унааларына, ал тургай өздөрүнө да кулап кала турган авариялык бактар бар.

Баш калаа таш калаага айлануу коркунучунда

Былтыр  Бишкекте  82  бак  кулап,  1 адам жабыр тарткан. Мындан улам быйыл бак-дарактарды кыюу иштери тыкыр көзөмөлгө алына баштаган. 2018-жылы миңден ашык авариялык жана кургап калган бактарды кыюу пландалууда. Саамалыкка Бишкек шаарынынын тургундары нааразычылыгын билдиришүүдө. Бул маселе коомчулукта катуу талкууга алынып, мэриянын ишине кескин сын айткандар болгон. Мунун себеби, бак-дарактардын арасында авариялык абалга жетпегендери да кыйылып жатканында экен. Маселен 2017-жылы Бишкек шаарында 2938 бак кыркылса, алардын ичинен 840ы гана авриялык абалда болгонун “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынан билдиришти.

Мунун баары Бишкек шаарында 2017-жылы башталган жолдордун массалык реконструкция болуп жатышына байланыштуу экен. Маселен, 2017-жылы Бишкек шаарында жалпысынан 44 км жол оңдолуп, асфальт төшөлгөн. Мындан шаар тургундары жолдун баарын бир учурда баштап алып, шаар ичинде жүрүү оорчулукту жаратып жатканына нааразы болушкан. Ошентсе да, айрым жолдордун курулушу суук түшүп кеткенге чейин бүтпөй калган.

Негизинен Бишкек шаарында жалпы 750 км жолдун оңдолушуна муктаждык бар экенин айтат “Бишкекасфальтсервисинин” жетекчиси Мирлан Амантуров. Анын ичинен 2018-жылы Кытай гранттына ылайык, 101 көчөнүн жолу оңдолуп, жалпы 38 км асфальт төшөлмөкчү. Ал эми шаардык бюджеттен бекип калса, дагы 50 км жолдун курулушу жүрүп калуусу толук ыктымал. Демек, бактардын кыйылуусун быйыл да күтө берсек болот. “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын берген маалыматына ылайык, 2018-жылы 2,5 миңге жакын бак-дарактар кыйыла турганы белгилүү болду. Андан тышкары, көчөлөрдүн жабылуусуна, сааттап тыгындарга турууга даяр боло берүү абзел.

Көлөкө көргөнгө зар болуп калабызбы?

Анткен менен 2017-жылы кыйылган бактардын ордуна реконструкциядан өткөн көчөлөргө ири өлчөмдөгү бак-дарактарды отургузуу иш чарасы болгон. Алсак, Масалиев (Ала-Арча дарыясынан Чортеков көчөсүнө чейин), Медеров (Токтоналиевден Панфиловго чейин), Аалы Токомбаев  (12  мкр.  баштап  Шабдан  Баатыр көчөсүнө  чейин),  Сүйөркулов/Юнусалиев, Токтоналиев (Ахунбаевден Жаман-баевге чейин), Орозбеков көчөсүндө (Киевден Токтогулга чейин), Панфилов (Бөкөнбаевден Москвага чейин), Профсоюз (Кустанайдан Патрис Лумумбага чейин), Исановдон (Токтогулдан Москва көчөсүнө чейин). Бардыгы болуп 10 208 ийне жалбырактуу бак-дарактар жана бадалдар отургузулган. Ал эми 2018-жылы 11,5 миң көчөт отургузулушу пландалууда.

Анткен  менен,  эколог-активисттер 2017-жылдын сентябрь айында тепловизор менен атайын эксперимент жүргүзүшүп, бак жок жерлерде асфальттын ысышы кыйла ысык боло турганын аныкташкан. Демек, толугу менен бактар кыйылган көчөлөргө, жаңы көчөттөр отургузулган күндө да, ал жерден жөө басуу абдан оорчулукту туудурат. Себеби, жаңы отургузулган көчөттөр тийиштүү деңгээлде көлөкө менен камсыз кыла албасы анык. Мындан тышкары, жашыл контенттин аз болушу абанын булганышына алып келет.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарында абанын булгануусу нормадан 2-3 эсе жогору болгону белгиленди. Буга тыштан ташылып келип жаткан эски автоунаалар чыгарган газдан улам экени айтылып келет. Эколог, эксперт Сергей Криворучко бак-дарактар кыйылып, бош аянттардын асфальтталышы абада канцерогендердин, токсиканттардын жана чаңдын топтолуусуна алып келерин айтат. Анын айтымында көлчүктөрдө пайда болгон түстүү тактар – машинадан чыккан ар түрдүү майлар суунун үстүндө калкып калат. Асфальт же брусчаткада бул нерсе анча байкалбайт, бул деген асфальтка ал заттар чачырап жатат дегендик. Күн ысыганда бул заттар абага көтөрүлөт жана ал эртели кеч биздин дем алуу органдарыбызга барат.