Жер жарылып чөп чыкты, желин айрылып сүт чыкты!

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Ноорузга карата “Кийиз дүйнө” коомдук фонду Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушундагы өзүнүн кеңсесинде жаштардын “Ак шумкар” коомдук фонду менен биргелешип сүмөлөк кайнатышты.

Жаштарга сүмөлөк кайнатуунун сырларын үйрөтүп, акыл насаатын айткан Оруна Орозматова эне: “Сүмөлөк кайнатууга бала чагымдан ара-лашып келатам. Бул мага ата-энемден калган мурас”, – дейт.

Иш-чарага ошондой эле борборубуздун басма сөз кызматынын өкүлдөрү, белгилүү ырчылар, кол өнөрчүлүк менен улуттук көркөм өнөрдү аркалап, каада-салтты нарк туткан кыз-келиндер менен эр-азаматтар катышты.

Атайын тигилген боз үйдүн ичинде кыргыздын улуттук тамак-ашы менен дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатууга кол тийгизгени келген меймандар менен кошунаколоңдорго даам таттыруу озуйпасы жасалып, айтор, жалаң улуттук кийим кийген уюштуруучулар менен меймандар майрамга укмуштуудай көрк, жарашык берип турушту.

Ошол эле убакта иш-чаранын умай энеси:

“Алас-алас, алас!

Ар балээден калас!

…Жер жарылып чөп чык,

желин айрылып сүт чык!” – деп жакшы тилек, ниет менен үйдүн ичи-сыртын аластап жүрдү.

Ата-бабадан калган салт боюнча таң атканча кайнаган сүмөлөктү кезек-кезеги менен аралаштырган жаштар таңды ыр-күү, “Манас” айтуу менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, “Кийиз дүйнө” (буга чейин “Миң кыял” деп аталган) коомдук фонду кыргыздын салттуу билимдерин сактап калуу, жайылтуу, жандандыруу боюнча иштерди алып барып, буга чейин “Муундан- муунга кыргыз калпагы”, “Элечек”, “Кийиз дүйнө”, “Жарнак” сыяктуу ар түрдүү долбоорлорду аткарып келишкен. “Биздин максатыбыз – унутта калып кеткен улуттук баалуулуктарды кайрадан жандандыруу болуп саналат”, – дейт фонддун жетекчиси Айдай Асангулова. Айтымында, ушул багытта фонддун мүчөлөрү республикабыздын аймактарын атайын кыдыруу менен улуу муундун өкүлдөрүнөн ар тармактуу баалуу маалыматтарды чогултуп жана аны тарыхый жактан тастыктап, кайрадан жандандырып, ишке ашырууну колго алып келишет.

“Былтыркы күздөн баштап атайын окутууларды өткөрө баштадык. Кыз-келиндер келип, колу иш билген уз апалардын жардамы менен илгеркидей дамбал-көйнөктөрдү бычып тиккенди, сайма сайганды, тебетей тиккенди үйрөнүшөт. Бизди кубантканы, бул иштерге кызыккан жаштар

улам барган сайын көбөйүп баратат”, – дейт А.Асангулова.