Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (8-макала)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Чынында, кеп ырдын “Беш каман” же “Беш жаман” деп аталышында эмес, ырга киргизилген оңдоо-түзөтүүлөрдө жана ырга берилген тарыхый мүнөздөмөдө.

Акын Токтогулду го оболотушту, адам Токтогулду ойлогон бирөө болдубу?

Адам Токтогулду ашкере саясатташтырылганына кейиген адабиятчы А.Муратов анын чыныгы адамдык жана акындык  жүзүн  ачып  берүү  үчүн  аябай аракет жасаган: “Биз окуган Токтогулдун ыры мындай: Жети атанын таш бараң, Таш бараңга батпаган, Чаап, талап, жеп жүрүп Букарадан айрылган – Рыскулбектин беш жаман. Ал эми «Баскан жол» деп аталган мемуарында болсо К.Акиев мындай саптарды келтирет: Рыскулбектин беш уулу, Жегениң менен шашпагын. Ынтымак кылып букара, Жедирбес жакка баштагың (Акиев Калык. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 365-б.). Өзгөрүү барбы? Кыйла өзгөрүү бар. Себеби эмнеде? Менимче ырды кийин XX кылымдын 30-жылдарында Токтогулдун көзү өткөн соң кыйла күчөтүшкөн окшойт. К.Даутов да айтып жатат: «Азыр «Беш каман» деп аталып жүргөн ырдын 1936-жылы жарык көргөн тексти биздин колубузда жүрөт. Түп нускага жарым-жартылай жакындык ушунда ганаболушу мүмкүн» (Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 90-б.) Адабиятчы бузула элек кездеги – 1936-жылдагы тексттин  оригиналга  жарым-жартылай гана жакындатып аткан болсо, анын азыр биз окуп жаткан вариантты деги эле Токтогулдуку экендигинен күмөн санайсың… Токтогулдун ырларын текстологиялык өңүттөн талдаган эмгекте (Сырдыбаев М. Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери [Текст] / М.Сырдыбаев, С.Тургунбаев. – Ф.: 1975. – 76-б.) «Беш камандын» автографы же оригиналы гана эмес, протографы, же архетиби да жок экен. А түгүл аталышы да андай эмес экен, 1938-жылы 17-февралдагы «Кызыл Кыргызстан» газетасына «Токтогулдун манаптарга каршы ырдаган ыры» деген аталыш менен 35 сап көлөмүндө басылыптыр. Казандан ошол эле жылы чыккан китепте 72 сап болуп кетиптир. Кийин ырды басууга даярдаганда Ж.Бөкөнбаев өзү колу менен «Bes gaman» деп атын оңдоп салыптыр. Анан ыр 69 сап (1940, 1950, 1956-жылдардагы басылыштарда), 72 сап (1964-жылдагы басылыш) болуп өзгөрүп отурган. Айрым маалыматтарда (К.Бобулов) (Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын  үч  томдук  жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / К.Бобулов. – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 277-б.) «Беш каман» 1894-жылы ырдалган деп айтылат. «Төңкөрүшкө чейинки кыргыз акындык поэзияда Токтогулдан мурда жана кийин деле бир да бир акын кыргыз манаптарынын ырайымсыз турпатын мынчалык алды-артын карабай, өткүр ашкерелеп, канкорсуң деп бетке айта алган эмес, алардын бири да өздөрүнүн идеялык-көркөмдүк деңгээли боюнча «Беш камандын» бийиктигине жете алган эмес» (К.Бобулов). Адабиятчы кайсыл «Баш каман» жөнүндө айтып  жатат:  Токтогулдунбу,  же  кийин оңдолгон  Токтогулдунбу?» (А.Муратов Такталбаган  Токтогул  адабий-тарыхый изилдөө).

Бизди  өкүндүргөн  нерсе,  Токтогулдун ырларын жыйноочулар жана Токтогулдун  ыгармачылыгын  изилдөөчүлөр акындын чыгармачылыгына «Беш камандан» да жаман мамиле жасап, каалагандай кесип-бычып, каалагандай өзгөртө беришкен. Албетте, алар кедей-кембагалдарды эзген эзүүчү таптын өкүлдөрү болгон бай-манаптарга карап жалтанбай ырдаган тапчыл, элдик акындын образын түзүүнүн далбасасында, акын Токтогулдун адамдык жүзү тууралуу таптакыр эстен чыгарып коюшкан. Сагындык Сапаровдон жазып алынган  текстте,  Токтогулдун:  «Жаныңа  барып айтыштан // Хан Дыйкан, // Сенин жаалыңдан коркомун» (КР УИАнын Кол жазмалар фондусу. Инв.№1914в, 15-18-бетте.) – деп Дыйканбай болуштан айбыгып жатканы ачык көрүнсө, жазуучу Самсак Станалиев: “Керимбай болуш менен Ток-тогулдун мамилеси жакшы болгондугун далилдөөчү бир катар факты маалыматтар бар. Анын бири Аман Палван башында турган басмачылар Кетмен-Төбөгө кол салганда Керимбай, анын иниси айтылуу Аалы Мерген элдин башында туруп, кошуун куруп душман мизин кайтарат. Ошондо Аалы капысынан каза болот. Токтогул Ке-римбайга карап, Аалынын эрдигин айтып кошок кошот. Бул 1921-жылдын декабрь айында болгон окуя. Экинчиден,Токтогул Сибирден  жаңы  эле  келгенден  кийин, 1904-жылы Керимбайдын энеси Сайкалдын ашында кадимки Эшмамбет менен жар чакырып ырдашы да буга күбө. Бул фактыны Коргол ырчынын мына бул ыр саптары ырастайт:

Рыскулбектин балдары,

Ырчыдан ырчы тандады

Током, Эшмамбет болуучу

Топко ырдаган ардагы…» (Улуу устат, соолубас казына. «Эл сөзү” гезити. 22-сентябрь, 2009-жыл) – деп эскерүүсү Рыскул-бектин балдары менен акындын ортосундагы жылуу мамилени ачыктап турат. Ал эми А.Муратовдун: «К.Мифтаков 1923-жы-лы жазып алган Токтогул менен Алымкулдун айтышында «Манапка жагып сайраган булбул Токоң мен элем» деген сабы болгон экен, кийин түшүрүлүп салыптыр. … Акын сүргүндөн келгенде К.Даутовдун тактоосу боюнча 1904-жылы Керимбай апасы Сайкалга аш берип, ашка Токтогул да катышкан (Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 87-б.). Барпыны биринчи ошол жерден көрүп, айтышкан. А түгүл Эсенгул Малгараевдин эскерүүсүндө (Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 4-б.) 1916-жылы Төрөгелди деген киши аш берип, ошол аштагы ат жарышта Керимбайдын Жайдак деген күлүгү чыгып келгенде, Токтогул аны аябай мактап ырдаган. Анан Токтогулдун Керимбай менен сөөк өчтү тесиң…» (А.Муратов Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө Бишкек – 2014)– деген далилдүү фактылары биздин айткандарыбызды дагы да толуктайт деген ойдобуз. Бул мисалдардан соң, Рыскулбектин «беш жаманы» менен Токтогулдун ортосунда жылуу адамгерчилик мамилелерди тастыкташ үчүн дагы да мисалдар талап кылынбаса керектир.

«Беш жаманды» «Беш каманга» айланткан таптар ортосундагы айыгышкан жана келишкис күрөш тууралуу коммунисттик идеология, адабиятты бай-манаптардын жана  кедей-кембагалдардын  адабияты деп эки лагерге бөлгөн соцреализм, Лениндин «Партиялык уюм жана партиялык адабият» макаласында айтылган идеялар болгон: Токтогулдун тапчыл сезиминин ойгонгонунун «…далили катарында анын 80-90-жылдардын аралыгында ырдаган «Беш каман», «Эшен-калпа», «Дыйканбайдын ашындагы ыр» сыяктуу саясый жактан орчундуу мааниге ээ болгон сатиралык ырларын көрсөтүүгө болот» (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.) делип акындын адамдык сапаттары артка сүрүлүп, ырдагы саясый мотивдер алдыга чыгып кетип жатпайбы. «Токтогул динге каршы атеист болгон. Анын алгачкы мезгилиндеги ырдаган «Эшен калпа» деген сатиралык ырында эле эшен менен калпалардын, кожо менен молдолордун, башкача айтканда жалпы дин өкүлдөрүнүн бетин келишпестик менен ачкандыгын көрөбүз» (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.) деген түшүндүрмө деле Токтогулдун ар тарабынан чыныгы советтик адам катары идеалдаштырууга жасалган аракеттерден.

(Уландысы бар