Садыр Жапаровдун иши Башкы прокуратурага жиберилди

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго карата кылмыш ишин иликтөө аяктап, Башкы прокуратурага жиберилгенин УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө 19-майда Жапаровго козголгон кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн Башкы көзөмөл органына жолдогон.

Бишкек шаардык соту 4-майда камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттарынын доо арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

24-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы аныкталып, 28-майга чейин №1 тергөө абагында камакта калган. Саясатчынын адвокаттары буга макул болбой аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз беришкен.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровго  «адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «барымтага алуу», «ээнбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Биринчи май райондук соту ал кармалгандан кийин тергөө бүткөнгө чейин камакка алынсын деген чечим чыгарган болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *