22-мартка карата аба ырайы

22-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25°.