Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди МОМБЕКОВ: «Максатсыз корогон каражаттар иликтенип жатат»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жогорку Кеңештин комитеттери, фракциялары жана пленардык жыйыны дээрлик мамлекеттик тилде өткөнү кубандырат. Бирок, бул жагдайдан алганда аткаруу бийлигинде өксүктөр аз эмес. Депутаттар көп учурда чиновниктерге “мамлекеттик тилде сүйлөңүз”, – деп эскертишкени көп. Мамлекеттик тил маселесине күйүп-бышып, айрым жетекчилерди аёсуз сындап келе жаткан депутат Рыскелди Момбеков менен кыргыз тилинин көйгөйү тууралуу кеп курдук.

– Рыскелди Чыныбекович, мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алып, чейрек кылымдан бери өнүктүрөбүз деп чырылдаганыбыз менен эмне үчүн көйгөйдөн арылбай жатат?

– Мамлекеттик тилди эң алды менен кыргыздар өзүбүз мамлекеттик деңгээлде колдошубуз керек. Кээ бир аймактарда “кыргыз тилинин бир айлыгы” деген иш-чараларды өткөрүшөт. Мени бул абдан таң калтырат. Биз улуттун тилин бир же эки ай эмес, жыл бою, түбөлүк коргошубуз керек. Эгерде аны Россиядагы кыргыздар өткөрсө бир жөн. Биз эки нерсени чаташтырбай так айырмалап алалы. Кыргыз тилин коргоо, өнүктүрүү жөнүндө айтсак эле, орус тилине каршы чыккандай кабыл алгандар бар. Бир гана Кыргызстанда орус тилине расмий макам берилген. Орус тили коргоого муктаж эмес. Анткени, ал А.Пушкиндин, Л.Толстойдун, С.Есениндин тили. Дүйнөдөгү алдыңкы өнүккөн беш тилдин ката-рына кирген, эл аралык тил деген макамы бар. Ушул нерсе эле орус тилинин өнүгүп-өсүп бара жатканынан кабар берип турбайбы. 1 млн. ашык мекендешибиз Россияда орус тили менен нан таап, бала-чакасын багып жүрөт. Ошондуктан аны чанып жаткан эч ким жок. Ал эми кыргыз тилинин жөнү башка. Кыргыз тили ааламдашуу процессинин бороон-чапкынына кабылып, анын терс таасиринен коргонууга муктаж болуп жаткан тилдерге кирет. Болгону өз өлкөбүздө кыргыз тилинин таасирин көтөрөлү, коргойлу деген асыл ой, жакшы максатты түшүнгүсү келбегендерге Байдылда Сарногоевдин ыры менен: “Кой маарайт койдун тилинде, Уй мөөрөйт уйдун тилинде, Уй менен койго жетпедик, Улуттун тилин билүүдө”, – деп айткым келет. Мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган жылы төрөлгөн ымыркай жигит болду. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин мага – кыргыз парламентинин улуту кыргыз депутатына мамлекеттик органдардын  кыргыз  жетекчилеринен  орус тилиндеги каттар, жооптор келип жатканы күйүндүрөт. Мен андай каттарды дароо артка кайтарып жиберүүдөмүн. Мыйзам долбоорлорунун түп нускасын мамлекеттик тилде жазууну талап кылууну унутпайлы деп келем. Премьер-министр Сапар Исаков кызматка жаңы келгенде бардык мамлекеттик органдар мамлекеттик тилде иш кагаздарын жазып, сүйлөшү керектиги боюнча талап койгон. Ошол талап аткарылган жок. Кыргызстан-да мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бюджеттен 2014-2020-жылдарга чейин 500 млн. сом каралган. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери мынчалык көп каражат каралбаптыр. Ушул этаптуу түрдө бөлүнүп жаткан акча кайсы жакка кетип жатканын казып, иликтеп көрүүдөбүз. Буга чейин анын 150 млн. сому каржыланган болчу. Алар Улуттук илимдер академиясына, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн. Тилекке каршы, бюджеттин акчалары максатсыз колдонулганы, кыңыр иштер аралап кеткени ушул жылдын башынан бери чыга баштады. Мисалы, Египеттин искусствосун, тарыхын кыргызча которууга же адабияттын авангарддык багыты дадаизм тууралуу китепти басып чыгаруунун мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кандай тиешеси бар эле? Ушундай бир топ көмүскө ишти иликтеп чыгуу үчүн парламент депутаттарынан турган жумушчу топ түздүк. Кол ийрисине тартат болуп, бир тууганынын, жакын адамынын, эч кимге белгисиз автордун китебин басып чыгарышкан. Бир чиновник өзүнүн ырлар жыйнагын өзбекче котортуп, болгондо да 3000 нуска менен чыгарган. Ошол эле учурда улуу ак таңдай акындар Токтогулдун, Жеңижоктун китептери 500 нуска менен чыгарылган. Дегеле, бюджеттин каражатын максаттуу, үнөмдүү, керектүү колдонууга болмок.

– Сиздин пикириңизче кандай китептерди чыгаруу керек?

– Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чындап  ниети  түз  болсо  сөздүктөрдү  чыгаруудан баштоо керек эле. Эң биринчи кезекте  К.Юдахиндин  кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөрүнүн эки томдугун абдан көп нускада баспаса болбойт. Ал ар бир мамлекеттик жетекчинин иш столунда турушу кажет. Улуттун көркөм сөз өнөрүн дүйнөлүк алкакка чыгарган классик жазуучулардын, акындардын, драматургдардын тандалмаларын басууга эмнеге болбосун? Азыркы жаңы муун аларды окуп, сөз байлыгын көбөйтөт, сюжеттердеги тарыхын үйрөнөт. Эң жок дегенде калеми курч жаштарга колдоо көрсөтүлсө улуттун келечеги ошолор эмеспи. Анын ордуна мурда чыгарылган даяр китептерди кайра басышкан. Мамлекеттин каражатына басылган китеп стандартка ылайыкталган мукабалуу, олуттуу болушу шарт. Анын ордуна чоңураак дептердей болгон жупжука мукабалуу, арзан кагазга китептерди баса беришкен. Мен буга чейин “Учкун” АК басмаканасын жетектегендиктен анын “ашканасын” жакшы билем. Мени алдай алышпайт. Айрым китептердин баасын 500 сомдон коюшуптур. Мен билгенден алардын наркы 300 сомдон ашпайт. Мурда басылып жүргөнү менен жаңыдан басмаканага барган китептин акчалай айырмасы чоң. Акыркы үч жылдагы мамлекеттик тилге бөлүнгөн каражаттын кандай колдонулгандыгын териштирүүчү де-путаттык жумушчу топ өз кортундусун чыга-рат. Жумушчу топтун төрагасы катары мен иликтөөнүн жыйынтыгын укук коргоо орган-дарына жиберүүнү колдойм. Учурда кыңыр иштер иликтенип, бир жыйынтык чыкмайынча акча которууну токтоттуруп койдук. Чындыкты айталы, мунун ичинен Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн акчалай каражат дурус колдонулганы байкалды. Мисалы келтирейин, Молдо Кылычтын, Арстанбек Буйлаш уулунун китептерин, ак таңдай акындардын айтышынын 15 томдугун, “Мана-сты”, кээ бир кенже эпосторду чыгарыптыр. Бул үчүн УИАнын Тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиевге ыраазы болдук. Бирок, болгону 1000 нускада басылыптыр. Эми көйгөйлөргө кайра кайрылсак, мектептерде окутулуп жаткан орус адабияты китеби калың, кыргыз адабияты жука болуп турат. Бала бакчага ылайыктуу китептерди, мамлекеттик ишкана-мекемелер үчүн колонмо сөздүктөрдү басып чыгаруу, термин-ком менен кызматташуу керек. Ал эми семинар, лекцияларды өткөрүүнүн кимге кереги бар эле? Тил саясатын ирээттүү, каржы булагын ачык жүргүзбөгөн толгон көйгөйлөрдүн кесепетинен учурда Бишкекте мамлекеттик тил багытындагы бала бакчалар абдан аз. Мектептердин 5 пайызы гана мамлекеттик тилде.

– Экономика министри А.Новиков өзү үчүн бюджеттен 36 миң сомго мугалим жалдап, кызматкерлерине дагы акча бөлдүрүп кыргызча үйрөтөм деп, интернеттегилердин “соккусуна” кабылгандан кийин ал планынан баш тартты. Ушул ишке кандай баа бердиңиз?

– Эми анын жөнү башкараак… Баарынан да “Докладымды расмий тилде жазып алдым эле”, – деген кыргыз чиновниктер депутаттардын сынына кабылып, эскертилип келе жатат. Токсон пайыз кыргыздар отурган аудиторияга эмне үчүн расмий тилде жазып келгенин түшүнүүгө болбойт. Депутаттын суроосуна жооп бере албай, жүдөп, корунуп: “Мен сизге кагаз түрүндө жазып берет элең”, – деп, сүйлөгөн жетекчиге эмне деп айтасың? Парламентке кызматкерлерин чуурутуп ээрчитип алышат. Кыргызча түшүнбөй бири-биринен шыбырап сурай беришет. Менин таң калганым, эмне үчүн чиновниктер мамлекеттик тилди элдин төлөгөн салыгынын эсебинен үйрөнүшү керек? Баарыбызга Күндүн жарыгы бирдей тийип турат. Бала бакча, мектеп, ЖОЖдордо жарандардын баарына бирдей мүмкүнчүлүк, окшош талап берилген. Алар өз убагында кыргызча үйрөнбөгөнү үчүн ким күнөөлүү? Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн муктаждыкты жаратпасак болбойт. Малайзия өлкөсүндө мамлекеттик тилди билбеген жаран жооптуу кызматка алынбайт. Бизде да «мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза алган жаран гана мамлекеттик кызматка алынат» деген талапты кошуп, аткартуу керек. Азыркы күндө жарандарыбыз чет тилдерди өз каражатына үйрөнүшүүдө. Ал эми Кыргызстанда кыргыз тилин милдеттүү түрдө өздөштүрүшү керек эмеспи. Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мээрманова профилдик комитетке келип алып орусча сүйлөйт. Биз андан мамлекеттик тилде жооп берүүнү талап кылдык. “Мен кыргызча билбейм” , – дейт. Эми ушул жетекчи айымга Бишкектин мектептери, бала бакчалары ж.б. бардык агартуу тармагы карайт. Кыргызстанда президенттик кызматка талапкер болгон жарандан мамлекеттик тилден экзамен алып жатабыз. А чынында мамлекеттик органдарда иштегендердин тегиз баарына ушул шартты киргизүү керек. Кыргызстанда төрөлүп, киндик каны тамган мамлекеттик кызматкер муну түшүнүүсү керек. Мамлекеттик кызматтагы жетекчи деген өмүр бою синхрондук котормонун аппаратын тагынып отургандан көрө өзүмдү да, мыйзамды, мекенди сыйлайын деген киши болуш керек.

Парламентке жөнөтүлгөн мыйзамдын түп нускасы мамлекеттик тилде жазылышы керектигин билип турушуп, ушул күнгө чейин адегенде орусча жазып, кыргызча которуп келип жаткандары бар. Өткөндө ӨКМнын бир мыйзам долбоорунун текстинде “Жарандык коргонуу дегенди жарандык коргоо” деп, жазып алып келишиптир. Орусчасы “гражданская зашита” экен. Мен министр К.Бороновго: “Чала молдо дин бузат, чала министр тил бузат” болуп жатасыңар дедим. Мисалы, “коргоо” деген сөз мамлекеттин Туусун, чек араны коргоо деген сыяктуу жагдайларга колдонулат. Абадан болчу соккудан коргонуу, жара-тылыш кырсыгынан коргонуу ж.б. сөздөрдүн маанисинен айрымасы бар эмеспи. Бүгүнкү күндө ар бир министрликте мамлекеттик тил боюнча адис иштейт. Мына ошол адис мыйзамдын үтүр-чекитине чейин карап чыккандан кийин парламентке алып келиниши керек. Жогорку Кеңештин Лингивистикалык бөлүмү келген мыйзамдарды көз тешилип карап чыгуу менен убара. А чынында Өкмөттүк түзүмдөрдөн мыйзамдар тазала-нып келүүсү керек эле.

–  Рыскелди  Чыныбекович,  Бишкектин  көчөлөрүндөгү  көрнөктөр тууралуу  айтып  отуруп  тил  тешилди.  Чет  тилдеги  аталыштар мындай турсун, кыргызча аталыштар  англис  тамгасы  менен  жазы-лып илинүүдө. Толгон каталар борбор шаарыбызды “көркүнө чыгарып” таштады.

– Мен өткөн аптада Бишкектеги “КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемесинде дарыландым. Ал жерде белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуна-лиев да дарыланып жатыптыр. Аксакал мага: “Рыскелди, ырас эле келдиң. Ушул оорукананын тил маселесин көтөрчү”, – деди. Аны башка белгилүү инсандар да колдоп кетишти. Бул жерде ашканасынан баштап, ар бир бөлмөсүнө чейин 100 пайыз орусча жазылып коюлуптур. Башкы дарыгери Гүлмира Баитова деген айым экен. Мен ага: “Ушул жерде Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов сыяктуу эгемен мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымын кошкондор, парламент депутаттары, Президенттин, Өкмөттүн аппаратында иштегендер, залкар жазуучулар, эл артисттери, илимдин докторлору, академиктер ж.б. уюткулуу журтубуздун алдыңкы интеллигенциясы дарыланган ооруканада мамле-кеттик тил биротоло “өчүп” калыптыр. Бул эмне деген жорук”, – дедим. Ал айым мага: “Мамлекеттик тилге акырындап өтүп жатабыз”, – деп жооп берди. Мен Г.Баитовага: “Тезинен өтүшүңүздөргө ким тоскоол болуп жатат?”, – дедим. Эми “уяты жок адамдан өзүң уял” дегендей эле кеп да. Ал кайра мага: “Бизге мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча штаттык бирдик ачууга депутат катары жардам берсеңиз”, – деп күйгүздү. Эми өлкөдөгү ар бир клиникага бирден штат ачып берип отурат экенбиз да? Мен ага: “Сиз өзүңүздүн буйругуңузду кыргызча чыгаруудан ишти баштап көрүңүзчү”, – дедим.

Борбор шаарыбыздын көчөлөрүндө мам-лекеттик тил басынып, кор болду. Мен жөө жүргөндү жакшы көрөм. Узун проспектини кыдырып карасам, өтө аз эле жеринен кыргыз тилинде жазылган жарнакты көрүүгө болот. Дээрлик баары англисче, орусча, кытайча ж.б. тилдерде жазылган. Өткөндө Казакстандан келген расмий меймандар: “Ой, кыргыздарды  башка  жакка  көчүп  кеткен экен десек бар турбайсыңарбы”, – дешти. Көрсө, “Айчүрөк” жана “Чынар” деген эки соода борборун көрүп алып кубанып жатышыптыр… Көрнөк-жарнактардын өзүнө келсек, совет мезгилиндеги абалыбыз бир топ жакшыраак экен деп ойлойм. Мисалы, “Манас” аэропорту, “Ала-Тоо” аянты, “Аккула” ат майданы, “Айчүрөк” дүкөнү сыяктуу аттар коюлчу. Азыр болсо Бишкектин чанда бир жеринде “Жаңыбайдын беш бармагы” , “Шайлообайдын самсасы” деген сыяктуу сейрек аталыштар көзгө урунуп калды. Кыргыз-дар элдик эпостордун, жаратылыштын кооз жерлеринин, көркөм адабий казынабыздын каармандарынын ысымдарын кафе, ресторан, соода түйүндөрүнө берсек жарашпайбы? Эми ошол бизнестин көбү кыргыздардыкы. Мамлекеттик тилди сыйлабайсыңбы десек, “патентти ушундай аталышта алгам”, дешет. Мен андайларга: “Эне тилиңди сыйлабасаң да, өзүндүн төрөгөн апаңдын ысымын коюп алып, кыргыз тилинде жазып койбойсуңбу” – деп келем.