Айдаркен сымап комбинатында кен казуу жумуштары башталды

Айдаркен шаарынын тургундары үчүн Нооруз, кош майрам болду. Анткени Айдаркендиктердин үмүтү болгон, 10 жылдап иштебей турган Сымап комбинатынын шахтасы жана фабрикасы кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Учурда 660 метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, тынымсыз сордуруп турууга жана 1967-жылы орнотулган эскилиги жеткен тетиктер алмаштырылып, руда алып чыгууга толук шарттар түзүлдү.

Эске сала кетсек, 2009-жылдан комбинаттын шахтасын суу каптап, кен казуу жумуштары токтогон болчу. Мындан улам, чоң чыгымга дуушар болгон комбинат инвестор издеп келген. Натыйжада 2017-жылдын июлунда комбинаттын жетекчилиги атамекендик “Северстайл” компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.