Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алды

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн улуттук курама командалары АФК кубогунун тандоо оюндарындагы беттеши Кыргызстандын пайдасына 5:1 эсебинде аяктады.

Голдорду Кыргызстан командасынан Антон Землянухин эки гол киргизип, дубль жасаса, Ислам Шамшиев, Виталий Люкс, жана Бекжан Сагынбаев бирден гол жаратышты. Ал эми коноктордон Кияв Зин Хтет бир гол киргизе алды.

Толуктай кетсек, Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын 2017-жылдын 5-сентябрында  болбой калган беттешин Кореянын «Инчхон» стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан «А» тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 27-мартында аяктайт.

Учурда Кыргызстан өз тайпасында7 упай менен экинчи катарда. 12 упай менен Индиянын курама командасы көч башында келе жатат. Мьянмалыктарда беш упай бар.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар 2019-жылдын 5-январына 1-февралына чейин Катарда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө өтөт.