АКШ Сирияда өкмөттүк жана ирандык күчтөрдү бомбалады

Пентагон билдиргендей, америкалык учак Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө жана Иран колдогон кошуундарына сокку урду. АКШ тараптан Сирияда мындай кадам биринчи ирет жасалды. Мындай чара Россия алардын АКШ жана анын өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы операцияга даярдык көрүп жаткан аймакка кирүүсүнө тоскоолдук кыла албай койгон соң көрүлдү.

Маалыматка ылайык, Сирия өкмөтүнө өнөктөш күчтөр Иордания менен чек арадагы Ал-Танф шаарчасына жакын жерде аракеттенип жаткан АКШ аскерлери менен козголоңчулардын аларга өнөктөш күчтөрүнө коркунуч туудурган.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана Иран колдогон кошуундар Россия күчтөрүнүн эскертүү иретинде ок чыгаруусуна көңүл бурган эмес.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюмунун маалыматына ылайык, АКШнын бомбалоосунан сегиз согушкер өлүп, төрт автоунаа талкаланган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис алардын азыркы аракетин “биз Сириянын жарандык согушундагы ролубузду күчөткөн жокпуз, бирок өз аскерлерибизди коргойбуз” деп чечмеледи.

АКШ баштаган коалиция Сириянын аймагында “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын 2014-жылдан бери жасоодо. Бирок буга чейин бул жерде козголоңчуларга каршы согушкан Сириянын өкмөттүк же Иран колдогон күчтөр менен каршылашуудан оолак болуп турган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *