Нооруз күнү Таласта 32 жаштагы улакчы каза тапты

Таласта Нооруз майрамына карата уюштурулган көкбөрү оюнунда бир улакчы каза тапты.

Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Жолдошов билдирди.

Талас районунда 21-март күнү болуп өткөн улак тартышта Үч-Эмчек айылынын 32 жаштагы тургуну атты туура эмес буруп алган деп айтылууда. Натыйжада ал эс учун жоготуп, ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.

Артында кош бойлуу келинчеги калды.

Булак: Азаттык