Бишкекте мечитке кирип телефон жана акча уурдаган киши кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери мечитке уурулукка кирген 27-жаштагы эркек кишини кармашкан. Ага карата “Уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал СИЗО-1 киргизилген.

Милиция кызматкерлери аныкташкандай, шектүүнүн 8 уурулук фактысына тиешеси бар.

Кылмышка шектүү адамды азыр түшкөндөн кийин колго түшүрүшкөн. Ал 23-февралда болжол менен саат 11:30дан 12:00гө чейин мечитке кирип, чөнтөктөн “Айфон С4” жана акча уурдап кеткен.

Булак: Кабар