Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Кар көчкү Бишкек — Ош унаа жолунун 124-чакырымына саат 15.00дө түшкөнүн ЖКККББдан маалымдашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

«Төө-Ашуунун түндүк тарабына кар көчкү түштү. Окуя болгон жерде Чүй облустук ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда. Трасса убактылуу жабылды», — деп милициядан билдиришти.

ЖКККББ унаа ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертет.

Булак: Спутник