Кемереводо өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар бары-жоктугу такталууда

Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» соода борборунда 25-мартта чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын бары-жогун Новосибирск шаарындагы вице-консулдук тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеевага шилтеме жасап «Азаттык» билдирди.

25-мартта оюн-зоок, соода борборунда тутанган өрт 1,5 миң чарчы метрди каптаган. Акыркы маалымат боюнча, өрттөн набыт болгондордун саны 37 адам. Ал эми 69 адам жабыркаганы, анын ичинде 40 бала бар экени айтылууда.