Жаңылыкпы, же мурдатан «жапма челек» иштин ачыкталышыбы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Жакында Башкы прокуратура Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын шаардык башкармалыгы менен биргеликте өлкөнүн экономикасына 847 миллион 441 миң сом суммага зыян келтирүүнү аныкташкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Өкмөт тарабынан түзүлгөн кошумча наркка салыктын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү мыйзам чектеринде иштөөнүн ордуна өзүнчө эле “уюшкан кылмыштуу топтордун” жоруктарын жасаган. Натыйжада 2016-жылдан 2018-жылдын январына чейин документтерди жасалмалоо жана жасалма документтерди пайдалануу менен ар кайсы товарларды жалган экспортоодон карыздардын эсебинен мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарын ордун толтуруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

Тактап айтканда, айрым бир фирмаларды пайдалануу менен экспорттолбогон товарларды экспорттоду кылышып, бюджеттен акчаларды алышкан. Мисалы, эки жоопкерчилиги чектелген коомго 437 миллион сомдун ордун толтуруп беришкен. Анын ичинен Борбордук казыначылык 393 миллион сомун төлөп берген. Дагы жети компанияга ушундай эле жол менен 454 миллион сом төлөнгөн.

Алардын бул ири масштабдагы кылмыштарын соттук экспертизалардын корутундулары, импорттолду деген продукциялардын топтолгон жерлериндеги тосмо текшерүүлөр жана башка далилдер менен тастыкталып турат.

Эми бул иштин канчалык масштабдуу экенин билиш үчүн комиссиянын курамына көңүл буруп коюңуздар. Комиссиянын төрагасы — экономика министринин орун басары, курамы – Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бөлүм башчысы, Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыгынын начальниги, Эко-номикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын оперыйгарымдуу кызматкери жана 3-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

Мына ушундан кийин аталган министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери комиссияга орун басарларын жана жооптуу кызматкерлерин жөнөтүү менен “карышкырларга кой кайтартышканбы”?

Учурда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция), 304 (кызмат абалынан кынаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалоо), 221 коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан ыйгарымдарынан ашкере пайдалануусу) жана 350 (жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланкаларды жасалмалоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иштерин козгоду.

Алар иликтөө үчүн УКМКга жөнөтүлдү. Бул иш аягына чыгарылып, кылмышкерлер сот жообуна тартылышат деп туралы. Бирок, мындай “КНС-фокус” кылмыштары Бакиев мезгилинен бери келе жатканы да эл арасында кеңири маалым. Негизгиси мындан ары тыйылса болгону…