Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан АСАНОВ: «Өлкө башчынын коррупция боюнча айткан сын-пикири орундуу жана учурдун талабы»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Курсан Сатарович, ажобуз Сооронбай Шариповичтин өлкөбүздө коррупция менен күрөшүү багытында айткан сөздөрү сизге кандай таасир калтырды?

– Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү жандандыруу менен сот, көзөмөл жана укук коргоо орган-дарына айткан сын-пикири орундуу жана азыркы учурдун талабы. Өлкө башчыбыз Президенттикке талапкер учурунда да, ант берүү аземинде да, ошондой эле 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин отурумунда да коррупция менен күрөшүүгө эрки жетерин жана элдин колдоосу менен бул күрөштү аягына чыгарарын ачык айткан. Бул жерде баардыгы шайкеш келип жатат десем жаңылышпайм. Сиз айткандай, өлкө башчыбыз коррупция менен чечкиндүү күрөш баштады. Демек, Президент колдоо көрсөтүп, коррупция менен күрөшүү маселесин коюп жаткандан кийин, мындан аркы жумушту колго алып кетүү укук коргоо органдарында. Укук коргоо органдары коюлган тапшырмаларды өз убагында, так жана сапаттуу аткарып, коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдарга барып, өздөрүнүн ишинде оң натыйжаларды көрсөткөндө гана элдин эң жогорку ишенимине ээ болот.

Биздин министрликте да Президент тарабынан айтылган сунуш, тапшырмаларды жүзөгө ашыруу максатында ИИМдин 2018-жылдын 5-мартындагы буйругунун негизинде 2018-жылга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын мерчеми иштелип чыгып, ИИМдин ыкчам кеңешмесинин чечими менен бекитилди.

Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы атайын буйругунун негизинде “ИИМдеги коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча укук берүү” жобосу бекитилип, ага ылайык ИИМдеги коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча жоопкерчилик Ички иликтөө кызматына жүктөлгөн. 2017-жылдын 5-сентябрындагы буйрук менен “Кыргыз Республикасынын

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тууралуу” жобо бекитилип, анда эң негизги тапшырмалардын бири-ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык элементтерди алдын алуу, аны аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат.

Ички иштер органдарынын милдеттерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудан тышкары, кор-рупциялык элементтерди жоюу, аларга каршы күрөшүү, ошону менен катар кылмыштуулукка, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча багыттары кирет. Аталган багыттар боюнча дагы алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Дагы бир айта кетчү нерсе, бүгүнкү күнү ИИМдин ишеним телефондору, ИИМдин расмий сайты, электрондук почта аркылуу мекемелердеги жана уюмдардагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу жарандар өз маалыматтарын билдире алышарын кошумчалай кетейин.